“Кырк кадамын” ким билет, алгачкы үч кадамы эле үрөйдү учурган Исаковго Кыргызстан  оюнчукпу?

0

Каганат

Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт…» 

Сапар Исаков “илинчеги” барлар менен иш кылбаса башы ооруйбу?

 Кырк жашында «Кырк кадам» программасы менен Өкмөт башчылыкка келип отуруп алган Сапар Исаковдун ар бир баскан кадамы мандемдүү болууда. Тактап айтканда, ал келишим түзүп иш алып барган чет элдик компаниялардын бардыгы алдамчылыгы ашынган «куйругунда калбыры бар» болуп чыгууда. Мындан улам Сапар Исаков алдамчы компаниялар менен иш алып барбаса баш ооруйбу деген аргасыз ой келет.

   Эми карап көрөлү, бир кезде кадимки Максим Бакиев менчиктештирип алып, кийин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен  мурдагы ӨКМ министри Дүйшөн  Чотоновдун камалышына себепчи болгон  “Альфа Телеком” компаниясына (MegaCom соода маркасы) байланыштуу чыр-чатак эмдигиче токтой элек.

Кумтөр ишканасынан кийин эле кирешелүү болуп саналган бул ишкананы 2010-жылдан бери эле сатыкка коюп эси оогон бийликке Сапар Исаков жардамчы болуп, аркасында чуусу бар  россиялык, «чай саткан» аялга  бермекчи болгон.

Елена Нагорная  2006-жылдан ушул учурга чейин Африкадан чай жана кофе ташыганы болбосо аркасында илинчеги жок, алдамчы компаниясы бар эле кадимки челнокчу аялдардын бири экен. «Чай сатабы же май сатабы» «Мегакомду» алса болду»  деп алдаган Өкмөт башчы акыры тынчып калды окшойт.     

Ага удаа «Кыргызстанда 10 чакан ГЭС жана Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруп берет, алтургай Камбар-Ата-1 ГЭСин да салып берет» деп Алмаз Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков менен  Сапар Исаковдор жар саган  Чехиянын ызы-чуулуу “Лигласс Трейдинг” компаниясынын окуясын  эл унута элек.  

«Кыргызстанга 37 миллион доллар которуп берет» деген компаниянын дагы алдамчы экендиги билинип, а түгүл Liglass Trading CZ компаниянын ээси  Михаил  Смелик кыргыз Өкмөтүн сотко бермек болуп, маалымат жыйын өткөрүп, акыры ал дагы тынчып турат. Өкмөт башчылыкка келээрде «силер менен кеӊешип иш кылабыз, силер айткандай болот» деп Жогорку Кеӊешти «жонунан сылаган» Сапар Исаков «Лигласстын» чуусунда дагы кууланып жатып кутулуп кеткен.

   

Эми болсо «Huawei Technologies Bishkek Ltd.»  деген кытайлык  алдамчы компания менен «Коопсуз шаар» долбооруна кол коюп, 60 миллион долларды карматканы калды. Сапар Исаков аталган компания «Акылдуу Дубайды» кургандыгын, бизде Дубайдан дагы ашып түшө турган долбоор боло турганын айтып мактанган.

Көрсө, эки жыл мурун экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  Өкмөт башчы кубанычы койнуна батпай сүйүнчүлөгөн «Huawei Technologies Bishkek Ltd.» компаниясын 3 миллион сомдук алдамчылык боюнча айыптап, кылмыш иши козголуптур.  

Тактап айтканда, 2015-жылы финансы полициясы «Huawei Technologies Bishkek Ltd.»  компаниясына «Оштогу  Эркечтам була-оптикалык байланыш линияларынын  курулушунун баасын жогорулаткан” деген шек менен иш козгогон эле .Буга байланыштуу финпол компаниянын эсептерин жана мүлкүн камакка алган. Ал эми «Хуавейдин» жетекчилигине сыртынан баш коргоо чарасы каралыптыр.

    Мындан улам “Өкмөт башчы Сапар Исаков алдамчы компаниялар менен иш кылбаса башы ооруйбу”,  өкмөт башчынын 11 кеңешчиси жетекчисине илинчеги барларды изилдеп, суратпай айтып бергенге кудреттери жетпесе анда, эмне иш кылып отурат деген суроо жаралат. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деген ушундай алдамчы компанияларды эле ал кайдан таап алат түшүнүксүз. “Кырк кадамын” ким билет, алгачкы үч кадамы эле үрөйдү учурган Сапар Исаковго Кыргызстан  оюнчукпу?  

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 1 =