Арсыз бийлик мамлекет жана мамлекеттүүлүк деген түшүнүктү “караларга” басып бердиби?

Каганат.

Кыргыз бийлиги кылмыш чөйрөсүндөгүлөр менен такыр эле «коюн-колтук» алышып кетти. Тактап айтканда , кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн абактан эрте бошотууну    “салтка” айландырып, коомчулукка жакпай турса дагы буга карата аракеттерин улантууда. Мунун өзү бийликтин укуктук талаадан четтеп, мамлекет жана мамлекеттүүлүк деген түшүнүктү караларга басып берип жатканынан кабар берет.

  Мындан бир аз күн мурун  Ысык-Көлдөгү «Осьминог» кафесин каралар өрттөп кеткендиги тууралуу кабар ЖМКларда тараган. «Азаттыктын» «Ыӊгайсыз суроолор» берүүсүнө келген “Осьминог” ресторанын ээси “Каралар 500 доллар талап кылып, мен аларды карматып соттотсом, милиция, прокуратура, соттор 500 долларды жок кылып коюптур. Мен андан көрө караларга берип коймок экемин”,-деп бүгүнкү күндүн ачуу чындыгын айтты.

  2013-жылы Алмазбек Атамбаевдин  бийлиги кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевди кандай сый-урмат менен Манас аба майданынан узатканы баарынын эсинде. Жогорку

Кеӊеш эле бир чуулдап, «атка жеӊил, тайга чак» Турсунбай Акундан башкасынын баары кутулуп кетишкен. «Өлөт деген Өскөнбай, өгүз минип келатат» болуп, эми  «өлгөнү калыптыр» деп бошонуп кеткен криматалык Азиз Батукаев Москванын базарларын «сапырып» жүрөт.

    Андан бир жыл өтүп-өтпөй дагы  бир криматалык Камчы Көлбаев да эркиндикке чыгарылган. Эми ага АКШ бийлиги кайрадан ири кылмыш чөйрөсүнө тиешеси бар издөө жарыялады. Камчы Көлбаев кызын күйөөгө узатып, той берип, мен деген ырчы-чоорчуларды кашына тизип алып, жыргап отурат.    

    2004-жылы  полковник Чыныбек  Алиевдин өлүмүнө тишеси бар деп кармалып,  өмүр бою эркинен ажыратылган Эркин Мамбеталиев апрель ыңкылабынан кийин  акталып чыгып кеткен.

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы катары белгилүү Эркин Мамбеталиев эркиндикке чыгып, кабат үй салып, элден ашык жашап жатканына  эле ыраазы болбой, «абийириме шек келтирди» деп жарандык активист Адил Турдукуловду сотко берип, 50 миӊ сом утуп алган жайы бар.  Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын соттору криминалдык чөйрөнүн адамдарынын кадыр-баркын катуу коргоп берет.

    Президенттик шайлооонун алдында тактап айтканда 2017-жылы  3-августта Ош облустук соту полковник Толкун Шоноевдин өлтүрдү деп шектелген «Жеӊго» деген каймана аты бар Кадыр Досоновдун ишин карап, Кара-Суу райондук соту чыгарган актоо өкүмүн күчүндө калтырган. Кара Суу райондук прокуратурасы Досоновго чыгарылган актоо өкүмүнө каршы болуп, облустук сотко кайрылышкан.  Тилекке каршы, Ош шаарынын соттору  үчүн «Женго»  суудан «таза», сүттөн «ак» болуп соттор аны актап жиберген.  

Азыр ал кайсы жерди «чаӊытып» жүрөт аны бир Кудай билет. Биз билгенден кыргыз бийлиги бечараны “зерикенде” каматып коет, шайлоо алдында криминалдын кереги тийгенде бошотуп коет. Өзү деле бийликтин кол баласына айланып ошол тагдырына ыраазы болуп, көнүп алгандай сезилет…

Эми эки күн мурун  “Дөө” аттуу каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Ал өткөн жылы  “Кылмыштуу топ түзгөн”, “ Адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө зордук көрсөтүү” сыяктуу айыптар менен Биринчи май райондук соту тарабынан 18 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Жогорку Сот былтыр декабрь айында “Дөө Чыңгызды” жогорудагы эки берене боюнча актап, “бейбаштык” боюнча гана айыптап, 7 жылга кескен. Ал мөөнөтү да ар кандай себептер менен кыскартылып, эми  эркиндикке чыгарылганы белгилүү болду.

Коомчулуктун талкуусунан коркуп кеткен Ленин райондук сотунун судьясы Аида Сейдакматова “№47 колониянын башчысы Чыңгыз Жумагулов  мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча сунушту атайын прокурордун орун басары Маматовдун колу коюлган кагаз менен сотко өткөнүн тастыктап «Жумагуловго мунапыс колдонулган. Ошону менен аны бошотуу чечимин чыгардык” деди кызарбай туруп.

 Эми бирин артынан бири бошогон кылмыш чөйрөсүнүн адамдарынын   ордунда бүгүн абакта кимдер жатат санап көрөлү. «Ата Мекен» партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаев, экс-депутат Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Канат Исаев, Бекболот Талгарбеков, Дүйшөн Чотонов жана башкалар. Ал эми Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев жана башкалар абактын азабын көрүп чыгышты. Ушул эле аралыкта журналисттер,  укук коргоочулар ондогон миллион сом айып тартышууда.

Муну менен кыргыз бийлиги укуктук талаадан таптакыр четтеп, Кыргызстанда мамлекет жана мамлекеттүүлүк деген түшүнүктүн барк-баасын тебелеп, караларга басып берип жаткандыгын байкоого болот. Буга дагы бир мисал кечээ «Мегакомдун» чатагы боюнча абакта жаткан Алмаз Абеков ал жактан өздөрүнүн тили менен айтканда «малява» жиберип, анны юристтер социалдык тармактарда жарыялашты.

Абековдун акылдуу ойлоруна таянсак, каралардын мыйзамы менен жашап калуу баарыбыздын башыбызда тургандан кийин аларга карап түздөнүшүбүз керек окшойт. Мунун өзү бүтүндөй өлкөнүн жарандарын «бир ууч караӊгы топтун түшүнүгүн ээрчип жашагыла» деген басым. Бул тууралуу бийлик бир ооз бирдеме дебейт. Алар караларды кайсы бир максатка колдонуп, эркиндикке чыгаруу менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнө түгүл, өздөрүнө дагы шек келтирип жатканын аӊдабайт сыяктуу. Бийлик качанкыга чейин каралардын таасиринен чыга албай жашайт болду экен?

Булак: Каганат.   

Бөлүшүү:

Пикир

үч + беш =