Кыргыздын кызыкчылыгын тебелеп, кызын алган кытайлар эми бийликти бийлейби?

Каганат

Кызматын тапшырган экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга эгемендигине доо кеткен өлкөнү калтырды. Тагыраак айтканда, бийликти Кытайдын Жаӊы Жибек Жолун ишке ашыра турган мамлекеттик стратегиясын ишке ашыра турган кытайлык бизнесмендерге калтырып кетти десек болот.

Алмазбек Атамбаевдин администрациясы кытайдын бизнесмендерине өлкөнүн тоо-кен металлургия тармагын карматып койду.  Албетте, мунун бардыгы мыйзам чегинде, кынтыгы жок, «бизнес жүргүзүү үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү» делип, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен ишке ашты. Мындан улам кыргызстандыктарга Атамбаевдин «Кыргызстаным» деген ыры менен Мекенин сүйгөн «жалындуу» сөздөрүнөн башка эч нерсе калган жок. Бүгүн Кытай Кыргызстандын ири инвестору болуп эсептелет. Муну менен катар акырындык менен өлкөнү кытайлык бизнесмендер колго алууда.

 Карап көрөлү:  

2016-жылы Кытайдын Кыргызстанга салган инвестициясынын көлөмү бир жарым эсеге, ал эми 1917-жылы үч эсеге, тактап айтканда Кытайдан инвестиция тартуу $1,3 млрдга көбөйгөн.

Албетте, бул грант менен карыздарды эсепке албаганда десек болот. Бул инвестициялардын басымдуу бөлүгү акыркы жылдары кендерди сатып алууга кеткен. Аталган өлкөнү Кыргызстанда бир нече багыттар,  биринчи кезекте тоо-кен комплекси, аны ишке ашыруу, энергетикалык тармак менен жолдордун курулушу кызыктырууда. Тактап айтканда, Кытай «арканды алыс таштап» жатат.

  Ошону менен  катар эле кытайлык инвесторлор жергиликтүү калктын кызыкчылыгы менен эсептешпей,  «канын соруп», акыркы тыйынынан өйдө актап алууда. Эске салсак, Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүү заводдун курулушу жергиликтүү калктын укугун тебелөө менен ишке ашып, нааразылык билдирип чыккан элди жергиликтүү бийлик «тынчытып», ишкананын жетекчилиги керек болсо кепке келбей койгон.

Айта кете турган жагдай кытай инвесторлорунун биздин өлкөдө активдүү иштей башташы, акыркы алты-жети жылга тура келет экен. Эӊ эле чатагы келип жаткан акчасы эмес, кыргыз  бийлиги аларды кандай шарттар менен өлкөгө киргизип жаткандыгында болууда.

Кытайдын экономикалык экспаниясы эзелтен белгилүү, инвестициясын сунуштап, ага кытайлык компаниялар жана адистер ишке ашыра турган шарттар менен жетишип, салык эле төлөгөнү болбосо, кийин каражаттар кайра эле Кытайга кетет. Көп учурда компанияларын «ит бекер» бекер иштетип, НДС менен жер салыгынын негизинде эле байып кетет беришет. Керек болсо ошол жергиликтүү калктын кыздарын алып тукумун таштай кетет. Алыскы Ала-Бука менен Чаткалда кыйгач көздүү жээндер толтура, аларды айтып чыккандарды жаман көргөнүбүз менен бул турмуш чындыгы.

Карап көрөлү:

2017-жылдын акыркы алты айында Кытайдан инвестицияларды түз тартуу менен $137 млн каражат түшкөн, бул 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 % көп.

 Муну менен катар Кытайга кеткен капитал  $165 млн каражатты түзгөн. Ошондо ким утуп жатат?

Мунун баары кыргыздын эле акчасы, тактап айтканда, кыргыз жарандарына айлык катары төлөнбөй жана салык аркылуу үнөмдөлүп калган акчалар. Бийликте турганда Кытайга иш сапар менен барган Алмазбек Атамбаев өндүрүш кубаттуулуктарын массалык түрдө алып келүүнү сүйлөшкөн эле. Кошуна өлкөлөргө  жаӊы Жибек Жолу деген стратегиясын жайылта албай жаткан кытайларга Кудай берип, эмнелер гана өлкөгө кирген жери жок.     

Атап айтсак, Кыргызстан аркылуу Европага кете турган темир жолдун курулушу эле кыргыздардын кунуна тура турган болду.

Буга чейинки президенттер он жыл мурун Кыргызстанга ыӊгайлуу эмес бул долбоордон «жаа боюу» качышкан эле. Анткени, бул темир жол Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө аймактык жактан доо кетире турган, укуктук жактан алсыз жана экономикалык жактан Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөй турган долбоор. Эми буга Алмазбек Атамбаев шектүү жагдайлардын аркасында өзү барып «жабышып» алды.

Чечмелеп көрөлү:

Жолдун кыргыз жерине курула турган участогу ар кандай баа менен  $2 ден  $6 млрд чейин туруп, Пекин өзүнүн каражатын сала турган болду.  Бирок, буга Алмазбек Атамбаев ошол жол курула турган аймакты кендери менен кошо 50 жылга колдонууга берип жатат. Тактап айтканда, Кыргызстандагы өтө чоӊ аймакты Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 6 млрд долларга баалап туруп берип койду.

 Эми буга  Кыргызстан башма-баш эмнени ала турганын карап көрөлү:

  1.  ЕАЭСтеги сода өнөктштөрүнөн четтөө (анткени жаӊы жол Европага карай жол болуп эсептелет)

  2. Темир жол магистралынан Кыргызстандын бюджетине жыл сайын транзит катары $200 млн каражат түшүп турат.

  3. Кыргызстан Ысык-Көлдүн айланасында айланма жолго ээ болуп, бул жол менен темир жолдун айланасында оокат кылган инвесторлор түгүл, кылкылдаган көп кытай келип көлдү булгап турат.

  4.              Ансыз дагы Кыргызстанды каптаган инвестор жана жөн кытайлардын саны арбыйт, мунун менен кошо кытайлык жээндердин саны көбөйөт.

Кыргызстанга жана кыргыздарга керекпи ушул? Алмазбек Атамбаевдин администрациясы кетип жатып дагы жөн кетпей, өлкөнүн экономикалык жактан көз карандысыздыгына сокку ура кетти.

Учурда укуктук жактан кытай инвесторлорунун кызыкчылыгын көздөгөн улуттук-тоо кен тармагын өнүтүрүү боюнча жаӊы программа иштелип чыгууда. Тактап айтканда, программа кытай инвесторлорунун санынын арбышына негиз түзөт ошондой эле  бюджет толтура турган тармакка коркунуч алып келет. Бүгүнкү күндө кытай инвесторлору жанталашып, бул программанын ишке ашуусуна кызыктар болуп, керек болсо «Кендер жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып жүрүшөт.

Кантип деп суроо узаткандарга кыргыз чиновниктери менен депутаттарынынбир тобу  акчага сатылаарын эске салып койсок жетиштүү болсо керек. Мисалы, Өкмөткө конкурс жана башка тиешелүү процедураларды өткөрбөй туруп эле, тоо-кен  тармагын иштетүүнү берүү укугун айтсак болот. Эгер бул ишке ашып кетсе, кытайлык инвесторлор эч кандай тоскоолдуксуз кендерди иштетүүгө ээ болушат. Муну менен катар Кытай салыктык төлөмдөрдү жергиликтүү бийлик менен 60 – 40 % эсебинде ишке ашыра албай убара. Бул нормаларды ишке ашыра албай жаткандар жергиликтүү калктын нааразылыкка чыгуусун азайтаарын белгилеп жооткотууда.

Мындай мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизе албай чуркап жүргөӊдөрдүн бири КСДПчы Кожобек Рыспаев.  Бул депутат   эки жыл мурун тиешелүү мыйзамга оӊдоп-түзөтүүлөрдү киргизе албай убара болуп жүргөн экс- вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин айткандарын «тотукуштай» кайталап жүрөт. Дүйшөнбек Зилалиев менен Кожобек Рыспаев өйдө жактан көрсөтмө болбосо жанталашып эмне кылат.

Дүйшөнбек Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар агенттигин жетектеп турганда, кытайлык инвесторлор  колуна  кендерди өздөштүрүүнүн техникалык документтерине ээ болушуптур. Чындап келгенде, Дүйшөнбек Зилалиев жогору жактын макулдугусуз эле карматып койгондой башы экөө эмес эле.  

Мисалы:

—   «Central Azia TIM Company»  кытайлык компаниясы   калай-молибден –вольфрам кендеринин бардык долбоорлорунун техникалык документтерин ээ.  

— Кытайдын Цзинхай провинциясынын «China Western Mining» компаниясы «Жерүй», керек болсо «Кумтөр»  кенин кантип иштетүүнүн техникалык кагаздарын кармап отурат.

 —Дагы бир кытайлык компания сейрек кездешүүчү жана уран  кендерин иштетүү боюнча маалыматтарга ээ.

 Бул маалыматтарга кытайлыктар кандайча ээ болгондугун түшүндүрүп отуруунун зарылдыгы деле жок болсо керек. Биздеги гүлдөгөн коррупциядан улам мындай жол менен Кыргызстан жакында миллиарддаган калкы бар Кытайдын эле бир провинциясына айланат. Бирок, биздин чиновниктер таланып-тонолгон өлкөгө бечара кыргыздар менен кыргызстандыктарды таштап коюп, өздөрү бала-чакасы менен четке чыгып кетет.

       Жыйынтыктап айтканда, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз бийлигин кытайларга бийлете турган абалга алып келип койду. Эми мындай кырдаалдан Сооронбай Жээнбековдун администрациясы чыгып кете алабы же мурунку «көчтү» улантабы? Кеп ушунда турат. Кыргыздын жерин тебелеп, кендерин казып, керек болсо кызын алган кытайларга эми кыргыз бийлигин карматабызбы?

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир + 13 =