Мамдума Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча макулдашууну колдоду

Каганат.

Мамлекеттик дума Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча макулдашууну колдоого алды.

Эми ага Россия президенти Владимир Путин кол коюшу керек.

 2012-жылы Орусия Кыргызстандын 488,9 миллион долларлык карызын кечүүгө макул болуп, 2013-жылы 188,9 миллион долларды кечкен. Макулдашууга ылайык, калган 300 миллион доллар 10 жылдын ичинде — 2016-жылдан 2025-жылга чейин — жыл сайын 30 миллион доллардан кечилиши керек болгон.

Белгилей кетсек,  документ буга чейин Жогорку Кеңеште жактырылып, Кыргызстандын өлкө башчысы тарабынан бекитилген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + он беш =

Редактордун тандоосу