Сапар Исаков депутаттардан сын эмес сунуш күтөт…

0

Каганат.

  Премьер-министр  Сапар Исаков бүгүн, 19-январда, жыйында КСДП парламенттик фракциясынын бир катар депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин жетекчилигинин дарегине айтылган сын-пикирине байланыштуу позициясын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

   Исаков  агрардык секторду өнүктүрүү иштери боюнча көп жылдардан бери топтолгон чоң кемчиликтер бар экенин айтуу менен, мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу  юоюнча сунуш угууну кааларын билдирди.

– Өкмөт тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча депутаттар тараптан түшкөн сунуштар үчүн ачык жана кызыкдар тараптар менен тийиштүү консультацияларды өткөрүүгө даяр. Буга байланыштуу конкреттүү сунуштарды алууну каалайт элек», — деди Сапар Исаков.

Бүгүн КСДП фракция жыйынында Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсүнө байланыштуу Өкмөттүн маалыматтын уккан. Анда,

Мурашевдин үстүнө кара булут айлана баштаганбы ким билсин айтоор, талкуунун жыйынтыгында КСДП фракциясы Өкмөттүн Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсү боюнча ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Эң кызыгы аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов министрликтин иши жылбай жатканына министрди эмес анда иштеген кызматкерлерди күнөөлөп чыкты. 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

беш × эки =