Орусиянын 111 спортчусу Кышкы Олимпиададан четтетилди

0

Каганат.

Эл аралык Олимпиада комитети  билдиршендей 111 россиялык спортчу Пхенчханда өтүүчү Кышкы Олимпиададан четтетилди.

Маалым болгондой, жалпысынан допингге байланыштуу “кара тизмеге” 500 спортчу түшкөн. Акыркы чечим 27-январда белгилүү болот.

Эске салсак, россиялыктар Сочи Оюндарында допинг колдонгон деген айыптар менен четтеп жатат.

Бул окуяга тиешеси жок гана спортчулар эмки айда Түштүк Кореяда өтүүчү Кышкы Олимпиадага катыша алат.

Анда дагы алар Россиянын гимни жана желеги алдында эмес, нейтралдуу чыгат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × эки =