Алгачкы  мамлекеттик жетекчи… Аты кылымдарга калган Абдыкадыр Орозбеков…

Каганат.

Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири- Абдыкадыр Орозбеков

Аты-жөнү: Абдыкадыр Орозбеков

Туулган жана каза болгон жылдары: (1889-1938) 

Улуту: кыргыз

Уругу: Жоокесек

 Билген тилдери:  кыргыз, орус, тажик, өзбек

 Үй-бүлөсү: аялы Адалат,  эки уул, бир кызы болгон. Абдыкадыр Орозбеков кармалгандан кийин анын үй-бүлөсү куугунтукка кабылып,  балдары фамилиясын өзгөртүп, атүгүл айылдагы туугандары да кыйла жылдар “чыккынчынын туугандары”  айыптоолордон арыла албай жүргөн.

Кыргызстандын  совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири. 

Кичи мекени:  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Охна  кыштагы

Өмүр таржымалы:

 Кызыл–Кыя районундагы Охна кыштагында өмүр бою жалчылык кылган  чайрыкердин үй – бүлөсүндө туулган. Абдыкадыр кабыргасы ката элек чагынан тартып байлардын пахта талааларында маңдай терин агызып, андан соң Фергана, Кокон, Анжиян калааларындагы ишканаларда жумушчу болуп иштеп, жалчылыктын азабын жакшы эле тарткан. Анын саясий көз караштарынын калыптануусу колониялдык режимдин катаал шарттарында майда ишканаларда эмгектенген көп улуттуу жумушчулар арасында жүргөн.

Кийин Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышып,граждандык согуш мезгилинде катардагы жоокерден отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн. А.Орозбековдун жетекчилиги менен түзүлгөн куралдуу отряддар 1919 -1920-жылдарда Фергана өрөөнүнөн, Чимион жана азыркы Кадамжай жактан чыккан корбашчылар Көршермат, Ашар, Иргам, Эдигар Жаржат, Зулкадам, Мойдун, Ярмат-Максум, Нурмаш сыяктуу башчылык кылган басмачылардын топторун талкалаган.

Кыргыз мамлекетин түзүүчүлөрдүн алдыӊкы сабында болгон:

 1919-1923- жылдары айылдын, Чимион жана Вуадил райондук революциячыл комитеттин, 1923-жылдын 23-декабрынан Мархамат райревкомунун, андан кийинчерээк райаткомунун төрагасы болуп иштеген.
1924-жылдан баштап, А.Орозбеков советтик- мамлекеттик иштер менен катар партиялык иштерге да активдүү аралаша баштаган. Ушул эле жылдын декабрь айынан баштап партиянын Кыргыз обкому тарабынан чакырылып, Ош округдук ревкомунун жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.
 1925-жылы мартта округ комитетинин жооптуу секретары, ал эми облустук партиялык конференцияда обкомдун аткаруу бюросунун мүчөсү болуп шайланган.
1925- жылы Кыргыз областтык жумушчу, дыйкан жана солдат депутаттар советтеринин уюштуруу съездине делегат болуп, 1925-жылы 31-мартта облустук аткаруу комитетинин пленумунда облустук аткаруу комитетинин Президиумунун төрагалыгына шайланган. Абдыкадыр Орозбеков – ири масштабдагы мамлекеттик ишмер болгон жана бул кызматта он жыл эмгектенген.
Орозбеков бүткүл россиялык Советтердин Съездине делегат болуп шайланып, кийин СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК), Союздук советтин жана бюджеттик комиссиянын мүчөсү болгон.
Бүткүл россиялык аткаруу комитетинин Президиуму 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРнин түзүлгөндүгү жөнүндө токтом кабыл алган.
Ошентип, Кыргыз АССР БАКтын Президиумунун төрагалыгына А.Орозбеков, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына Ж.Абдрахманов (1904 – 1937-жж.) шайланышкан. Ал 1927-1937- жылдары Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.
А.Орозбеков бешинчи “Граждандардын укугу жана шайлоо системасы” кичи комиссиясына жетекчи болуп шайланган.

 Эл эмгектен эскерсин:

А.Орозбеков Кыргыз АССР БАКтын төрагасы катары өлкөдөгү жер-суу реформасына, кедей-кембагалдардын жашоо тиричилигин жакшыртуу маселелери, чарбалык иштерди жүргүзүү, кулактарды тап катары жоюу, колхоздоштуруу, маданий курулуштун проблемаларын жана башка маселелерди чечүүдө жетектеген.
А.Орозбеков ээлеген кызматы менен жана социалисттик идеяларды ишке ашыруучу инсан катары дагы ошол мезгилдеги кабыл алынган Конституциялардын негизги авторлорунун бири болгон.

Тарытагы кара так: Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы кыргыздын ошол кездеги белгилүү инсандары менен кошо ойдон чыгарылган социал-туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен камалып, атылып кеткен.  Кийин гана 1956 – жылы 21 – майда Кыргызстан К(б)П БКнын бюросунун чечими менен акталган. 1994 – жылы толук акталган. Улуу инсандын ушу кезге чейин кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз.   

 Акыйкатты жактаган: Абдыкадыр Орозбеков жооптуу ишинде ириде улуттук кызыкчылыкты, элинин келечеги үчүн күрөштөн качпастыгын Россиядан келген Каменскийдин ишине ичи чыкпаган жергиликтүү кадрлардын “Отуздун каты” деп аталган Москвага жолдонгон айтылуу кайрылуусуна биринчилерден болуп кол койгон.

Артыкча сыйлашкан: Абдыкадыр Орозбековдун жетекчилик жана адамгерчилик мыкты сапаттары үчүн кыргыздын алгачкы саясый элитасы ага сый урмат менен мамиле жасашып, “Аксакал” деген аталышты ыйгарышкан. Өз замандаштарынын арасынан Аксакалга акаарат келтирип сүйлөгөн эч ким болгон эмес.

 Сыйлыктары: Түркстан Республикасынын Алтын белгиси (1924-ж.), Эмгек Кызыл Туу ордени (1932-ж.), аты-жөнү жазылган курал менен сыйланган.

Эли унутпайт: Абдыкадыр Орозбековдун ысымы Кадамжайдагы Охна айылына, Бишкектин бир көчөсүнө берилген. Эстелиги борбор калаага жана  туулган жерине орнотулган.

Кийинки жылы кыргыздын алгачкы саясый ишмерлеринин бири, Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болгон Абдыкадыр Орозбековго 130 жыл толот.

Абдыкадыр Орозбековдун өздүк баракчасы

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 1 =