Бүгүн: 22-декабрь… Дата…Окуялар…Фактылар…

Каганат.

 Бүгүн, 22-январда өлкө аймагында күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Тала облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте 22-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градуска чейин жылуу болот.

Кыргызстанда

Мындан 60 жыл мурун, Кыргыз мамлекетинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 1958-жылдын 22-январында өткөн бюросунда белгилүү илимпоз Касым Тыныстанов мурдагы күнөөлөрүнөн толук акталган.

Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи профессор, азыркы кыргыз тилинин калыптанышына зор салым кошкон чыгаан илимпоз 1938-жылы кандуу репрессияга кабылганы белгилүү.

1991-жылы Кыргызстан Жогорку Кеңешинин III сессиясында Аскар Акаев Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетин куруу сунушун киргизсе, 1994-жылы Кыргызстан калктарынын I Курултайында «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аттуу ураан кабыл алынган.

Ал эми 2001-жылы 22-январь күнү “Ар-Намыс” партиясынын лидери, «темир генерал» каймана аттын ээси Феликс Кулов 7 жылга эркинен ажыратылса,  2009-жылы  “Бириккен элдик кыймылынын” штабын  Азимбек Бекназаров  жетектей баштаган  

Дүйнөдө

Бул күнү Исландияда жубайлардын, ал эми Польшада чоӊ аталардын күнү  деп эсептелет.

Ошондой эле бул күн жүгөрү данынын (попкорн) негизделген күнү катары дагы белгилүү. Себеби, ушул күнү 1630-жылы Түштүк Африкадагы индеецтердин уруу башчысы  Кводекуайн англиялык колонисттерге бир кап попкорн берген экен.

Ал эми Тажикстанда бажы кызматкерлеринин күнү катары белгиленет.

22-январда, 2005-жылы Түндүк Кореянын тышкы иштер министри  Ким Ке Гван КНДР  ядролук держава экендигин жар салган.

 1969-жылы Советтик Армиянын кенже лейтенанты Виктор Ильин КПССтин Аткаруу Комитетинин Башкы секретары Леонид Брежневге кол салган.

22-январда англиялык атактуу акын Джордж Байрон (1788), советтик жана россиялык актриса Валентина Талызина (1935),  “Мектеп”, “Тимур жана анын командасы”, “Чук жана Гек”

деген белгилүү чыгармалардын автору, балдар жазуучусу Аркадий Гайдар (1904), советтик белгилүү кинорежиссер Сергей Эйзенштейн (1898), чыгаан физик, академик, Нобель сыйлыгынын ээси Лев Ландау (1908), бирмалык диломат, ООНдун үчүнү Генералдык секретары У Тан(1909), россиялык актер жана продюсер Леонид Ярмольник (1954…) жана башкалар жарык дүйнөгө келишкен.

 1592-жылы Карл IXнин жубайы, Франциянын королевасы Елизавета, 1798-жылы грузин падышасы, Россия менен Георгий трактатына кол койгон Ираклий 11, 1993-жылы япон жазуучусу Кобо Абэ каза табышкан.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт − алты =