Кайдыгер кароого акыбыз жок: Бажы кодексине баш ооруткан  ким бар?..

0

Каганат.

Бажы кодексине баш ооруткан  эч ким жок… Бирок, бул-сиз менен биздин жана баарыбыздын тагдырыбыз…

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдө 2018-жылдын 1-январынан тартып, Бажы кодекси ишке кирди. Чындап келгенде мындан эмне күтүлө турганын кыргыздар жана кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүнүн түшүнүгү деле жок. Мунун эмнесин жашырабыз?

      Баш ооруткан Бажы кодекси

Эске салсак, Бажы кодексин кабыл алуу Кыргызстанда чыр-чатак менен коштолгон. 2016-жылдын декабрында ЕАЭСке кирген мамлекет башчыларынын саммитинде алгач «Кыргызстан Бажы кодексине кол койгон эмес» деп айтылган. Бирок, аз өтпөй Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы  Тигран Саркисян «Кыргызстан кол койгон»-деп «оозун кыбыратып» тим болду.

Ал эми 2017-жылдын апрелинде алгач өлкө башчылары, кийинчерээк мамлекет башчылары ЕАЭСтин Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире тургандыгын, бул үчүн ага кире турган өлкөлөлөр тиешелүү документтерди ратификациядан өткөрүү керек экендигин белгилешкен.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Өкмөтү ЕАЭСтин Бажы кодексин Жогорку Кеӊешке ратификациядан өткөрүү үчүн өткөн жылдын октябрь айында араӊ сунуштады. Өкмөттүн сегиз ай эмне кылып жүргөнү табышмак бойдон калды. Өкмөттөн бешбетер Кыргызстандын жашоосуна кайдыгер Жогорку Кеӊеш тиешелүү документти 30-ноябрда араӊ биринчи окуудан өткөрдү.  Кийинки окуу такыр эле созулуп, акыры ката менен 2017-жылдын 27-декабрында үчүнчү окуудан өткөрүшкөн.

 Үчүнчү окуунун «күйүтү» кыргыздар жана кыргызстандыктар жакшы билишет. Жогорку Кеӊештин тарыхында бир ката үчүн кезексиз жыйын чогулган мындай окуя болгон эмес.  Президент  Сооронбай Жээнбековдун аталган документке вето койгонунун себеби, депутаттар кол койгон мыйзам долбоорунда президент кол койгондон кийин 15 күндө күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн.

Жогоруда айтылгандай, «Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында ишке кирет» деген маалыматка Жогорку Кеӊештин депутаттарынын, Өкмөттүн өкүлдөрүнүн дагы акылы жетпегени таӊ калууну жаратпай койбойт. Ошентип, депутаттар кайрадан чогулуп,  ЕАЭСтин келишимин ратификациялоонун жаӊы редакциясы жаӊы жылдын алдында шашылыш кабыл алынды. 

Сооронбай Жээнбеков ошол күнү кол коюп бергени менен Кыргызстан   ЕАЭСтин Бажы кодексине шашылыш кол койгон  эӊ акыркы өлкө болуп калды. Үч окуудан камарабай өткөрүп бергенче көӊүл коюп окубаган эл өкүлдөрү уялып деле коюшкан жок. Уялмак  түгүл, депутат Исхак Масалиев баш болуп «Өкмөттүн жоопкерчилигин карайлы» деп сунушташты.

Сунуштары негиздүү болгону менен эки айда Өкмөттүн катасын таап, көзүн чукуганда болот беле же Жогорку Кеӊештин депутаттарынын катасын президент таап бергиче отура берүүлөрү керек беле бул дагы өзүнчө маселе бойдон калды.  

 Өкмөт башчы  Сапар Исаков дагы оӊой куу эмес экен.  Экономика  министри Артем Новиковго, Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовго сөгүш, экономика министринин орун басары   Баккелди Түменбаев менен Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары    Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш берип кутулуп кетти. Баягы эле «балык башынан сасып, аны куйругунан тазалап», Өкмөттүн бир катар кызматкерлери иштен айдалып, Санжар Үметалиев   ЕАЭСтин Кыргызстандын өкүлү кызматынан кол жууп отуруп калды.

Жаӊы Бажы кодекси эмнеге керек?

  Евразиялык экономикалык комиссиянын билдирүүсүнө караганда, Бажы кодексинде  70 пайызга жакыны  бизнеске карата сунуштарды камтыйт. Документке биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн бажы тармагы боюнча буга чейинки тиешелүү талаптар жана жоболор камтылган. Бул болушунча бизнес жүргүзүүнүн прцедураларын жөнөкөйлөштүрүшү керек. Анткени, ЕАЭСтин мүчөсү болгон бардык өлкөлөргө нормалар жана талаптар бирдей.

Буга чейин «ЕАЭСтин Бажы кодекси — «бешиликке» кирген өлкөлөрдүн тышкы экономикалык ишмердигин жөнгө салуу үчүн негиз боло турган жоболорду камтыйт» деп түшүндүргөн ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы  Тигран Саркисян.

   Жаӊы Бажы кодексинин негизги артыкчылыгы электрондук технологияга ылайыкташкан. Атап айтканда, көптөгөн процесстер автоматташтырылат, ишкерлер менен бажы кызматкерлеринин иш алып баруусу жөнөкөйлөштүрүлөт. Бажы кодексинде «электрондук декларациялоо» деген түшүнүк камтылган. ЕЭК «электрондук декларациядан өткөрүү  коррупциялык тоскоолдуктарды азайтып, транзакциялык кармоолорду жокко чыгарып жана бажы кызматынын ишин тездетет» деген ишенимде. Декларация каттоонун  убактысы эки эсеге  кыскарып, товар өткөрүүнүн убактысы алты эсеге көбөйөт деп күтүлүп жатат.

Документте бажы процедураларын камтыган «бирдиктүү терезени» киргизүү механизми дагы камтылган. Же болбосо, биримдиктин иш-аракетинин өтө өркүндөгөн вариантын карап көрсөк, бизнесмен электрондук декларациясын Интернет аркылуу жөнөтөт, ошону менен түйшүгү түгөнөт. Тиешелүү органдар андан ары өздөрү текшерүүгө алышы керек. Тактап айтканда, мурдагыдай кайра-кайра окшош документтерди топтоп алып, бажы, ветеринар, фитосанитардык-көзөмөл кызматтарына каттап отурбайт.

Кыскасы, эл аралык жаӊы бажы мыйзамы биримдикке кирген тышкы экономикалык ишмердик жүргүзүүдө бир топ түйшүктөрдөн арылтат экен.

«Биз бизнеске так жана туруктуу ыкмаларды сунуштап жатабыз, мындай норма ишкерлерге алдын-ала экономикалык эсеп-кысап жүргүзгөнгө  шарт түзөт.   ЕАЭСтин аймагына жүк кирип жатканда талаптар чукулунан өзгөрүп кетпейт», — дейт  Тигран Саркисян.

Онлайн- сатык чектелген жери жок

Бажы кодексинин басымдуу бөлүгү бизнеске арналгандыгын жогоруда белгиледик. Анткени, сооданы ишкерлер жүргүзүп, продукцияларын бажы аркылуу алып өтүшөт.  Ошондуктан бул документтин ийгиликтүү ишке ашканына баа  тургандар дагы ишкерлер болуп саналат. Ошондуктан Бажы кодексинде онлайн-соода жүргүзүү боюнча дагы бөлүм каралган.  

Документти талкуулоо учурунда чет элдик сайттардагы сатып алууларга чектөөлөрдү киргизүү боюнча талаш-тартыштар жаралган. Жыйынтыгында, демилечилер буга чейин колдонулган «1  миӊ еврого чейинки товарды  бажы салыгысыз  киргизүү» тууралуу норманы калтырууга аргасыз болушкан.Сөз, бир жолку сатып алуу эмес бир айдагы сатып алуу тууралуу болуп жатат, айта кетүүү жагдай бул норма үстүбүздөгү жылга гана каралган.  

    2019-жылдан баштап чет элден шоппинг жасоону сүйгөндөр «алкымын» азайтууга тура келет. Анткени,  бажы төлөмүсүз товар киргизүүнүн көлөмү  500 еврого төмөндөтүлөт. Көбөйгөн учурда  төлөнгөн сумманын 30 пайызы кармалат, бирок, 1 кг товарга 4 евродон ашпайт. 2020-жылдан баштап 200 евродон ашкан бардык товарларга жалпы сумманын 15 пайыз көлөмүндө бажы төлөмү кармалат, бирок 1 кг жүккө 2 евродон ашырылбайт. Бул сыяктуу чектөөлөр чет элдик товарларды эселеп кымбат саткандарга каршы  аракет деп түшүндүрүшөт  ЕЭКтин мүчөлөрү. Бул канчалык деӊгээлде ынанымдуу болот аны мезгил көрсөтөт.

    Ага чейин кыргыз бийлиги сыяктуу эле кыргыздар жана кыргызстандыктар Бажы кодексин дүнүнөн кабыл алууга аргасыз. Анткени, жогоруда белгилегендей, Жогорку Кеӊеш баш болуп, Өкмөт төш болуп, өздөрү жакшы түшүнбөй, ката кетирип, кайра оӊдоп жатып, Бажы кодексин кабыл алууга салым кошуп беришти. Ал эми жаратылышынан ишенчээк, документ менен анчалык иши жок карапайым калк Бажы кодексине маани  берген деле жери жок.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × эки =