Казакстанда кышкы чилдеден улам мектептер жабылды

Каганат.

Казакстанда кышкы чилдеден улам мектептер жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.  

Анда айтылгандай,  бүгүнтөн тартып өлкөнүн түндүгүндө билим берүү мекемелерде иш убактылуу токтотулат.

Синоптиктер абанын температурасы -30 градуска чейин төмөндөйт деп эскерткен.

«Казгидромет» буга чейин 26-январга чейин өлкөнүн бир нече облусунда сууктун күчү күндүз -30-35 градус, түнкүсүн -40-45 градуска жетерин кабарлаган.

Ал эми 11-январда Казакстандын бир нече регионунда катуу бороондон жол кыймылы чектелген.

Астанада чукул кырдаал жарыяланган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 2 =