Өлкөдө күйүүчү майдын бардык түрү кымбаттады

Каганат.

Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкендей, Республикада күйүүчү майдын бардык түрү кымбаттады.

Маалым болгондой, бүгүнтөн тарта  алардын баасы литрине 10 тыйындан 60 тыйынга чейин көтөрүлдү.

 Көп колдонулуучу  бензиндин түрү Аи-92 41 сомдон сатылууда.

Баарынан дагы дизелдик отун кымбаттап, 60 тыйынга өскөндөн кийин 41 сомго теңелди.

Мунай ташуучулар ассоциациясы   бул россиялык заводдордо дүң баалар көтөрүлгөнүнө байланыштуу экендигин айтышты.

Өз кезегинде бул мунайдын өзү 25 пайызга кымбаттаганынан жана Россияда отунга салык жогорулаганынан улам болуп жатат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

алты − 6 =