Майда бирок, маанилүү кеңештер

0

Каганат.

-Эгер плитанын үстүн дат басып кетсе, ысытылган суу май менен сүртүп койсоңуз, оңой кетет.

-Сырды теркадан өткөрүү оңой болсун десеңиз-терканы май менен майлап алгыла.

-Эгерде ашканада жагымсыз жыторун алса, көмөч казанга уксус куюп, ысытсаңыз жыт кетип калат.

-Бышырылган жумуртканын сарысы карайбай сапсары бойдон калсын десеңиз, муздак сууга муздак жумурткаларды салып анан кайнатуу керек. Кайнаган соң, өчүрүп, муздатуу зарыл.

-Эгер салатка пиязды кошууда ачуулугу тоскоол болуп жатса,  туурагандан кийин, майда тешиктери бар идишке салып ысык суу менен чайкап коюу сунушталат.

-Камыр ысык сууга жуурулса, катуу болуп калат.

-Сүттү тырмакка тамызса, эгер ал жаңы болсо, тырмакка шарча болуп токтоп калат. Эгер эски болсо, токтобой агып кетет.

-Жыгачтан жасалган буюмдарга акиташ салып койсо, кумурска кирбейт.

-Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп курчутса, жакшы курчуйт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × төрт =