Ажыга барчуларды каттоого эмнелер талап кылынат?

Каганат.

 Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Ажыга барчуларды каттоо башталат.  

Маалым болгондой, каттоо 23-февралга чейин шаардык, облустук жана райондук деңгээлде 32 пунктта жүргүзүлөт. Ал үчүн банкка алдын ала 500 доллар жана 1000 сом төлөө керек. (1000 сом кайтарылбайт)

Эмнелер талап кылынат:

-Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 доллар РСК банкына (ажылык-2018 эсебине) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.

-Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК банкына (ажылык-2018 эсебине) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы.

-Ажыга баруучу жашаган жерине 2017-жылдын 20-августуна чейин катталган болушу шарт.

-Жалпы жарандык паспорту. Биометрикалык паспорт менен жалпы жарандык паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл. Жалпы жарандык паспортунун жарамдуулук мөөнөтү 2019-жылдын 20-февралына чейин бүтсө жараксыз болот.

-Аял киши үчүн жакын туугандарынын бири болуусу шарт. Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат.

-3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган кагазда болуусу шарт.

-№086 формасындагы медициналык аныктама.

-Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу.

-Келишимге кол коюу жана ажылык серверге киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

-Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу. (Жалпы жарандык паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

-Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмүн жана байланыш телефонунун номерин каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.

-Ажылыкка баруучу жаран 18 жаштан жаш болбошу керек (2018-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).

-Сауд Аравиянын ажылык базасынан (Масал электрония) виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга бара турган жаранга тааныштырып, келишимге кол койдурат).

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

жети − 5 =