Бүгүн: 23-январь… Дата… Окуялар…Фактылар…

Каганат. 

23-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-январда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы: түнкүсүн 0C күндүз 0C Чүй жана Талас областтары Чүй өрөөнүндө -3…-8 -1…4

Талас өрөөнүндө -4…-9 0…-5

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары дыйканчылык аймактарда 0…-5 3…8

Баткен областында -1…-6 2…7

Ысык-Көл жана Нарын областтары Ысык-Көл областында -3…-8 0…5

Нарын областында -19…-24 -5…-10

1998-жылы кыргызстандык 1-космонавт Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын курамында биринчи жолу космоско учкан. Салижан Шарипов америкалык “Ендевор” кемесинде Флориданын Канаверал кысыгынан космоско көтөрүлгөн. Ал космосто баш-аягы 8 күн болгон. Салижан Шариповго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган.

Бул күнү 2014-жылы 23-январда Кыргыз-Кытай чек арасын 11 кылмышкер  мыйзамсыз бузуп кирип, баары өлтүрүлгөндүгү белгилүү.

1895-жылы 23-январда норвегиялык экспедициянын мүчөлөрү тарыхта  алгачкы жолу  Антарктида материгинин жээгине барышкан. Норвегиялык “Антарктик” кемесинин капитаны Кристенсен жана бир жүргүнчү, так илимдеринин окутуучусу Карлстен Борхгревинк Антарктиданын чыгышында жайгашкан Адэр кысыгына кеме менен жеткен.

23-январда 1977-жылы  россиялык алып баруучу, журналист жана актриса Ольга  Шелест, 1946-жылы олигарх  Борис  Березовский, 1928-жылы  француздардын атактуу  актрисасы

 

Жанна Моро (Moreau), 1930-жылы ленинграддык кыз, атактуу блокадалык күндөлүктүн ээси Таня Савичевалар жарык дүйнөгө келишкен.

Бул күн кайгылуу окуялар менен дагы белгилүү. 23-январда1931-жылы 20-кылымдын атактуу орус балеринасы Анна Павлова, 1933-жылы атактуу орус сүрөтчүсү, сүрөтчү Виктор Васнецовдун бир тууганы Аполлинарий Васнецов,  2015-жылы Сауд Аравиясынын королу Абдуллах ибн Абдул-Азиз Аль Сауд жана башкалар кайтыш болушкан.  

 Бүгүн Кытайда Эркиндик күнү белгиленет. 

  1849-жылы конверт чыгара турган машина официалдуу катталган. Буга чейин конвертти англиялык соодагер Брюер  1820-жылы ойлоп тапса, бул күнү медицина жаатында да чоң ачылыш болуп 1922-жылы алгачкы жолу адамга инсулин сайылган.

Ал эми Москвада 1924-жылы Ленинге Мавзолей куруу боюнча чечим кабыл алынган. 2005-жылы 23-январда Эльдар Рязанов атындагы киноклуб ачылган. Ошондой 1918-жылы 23-январда Бүткүл Дүйнөлүк жумушчу, солдат жана дыйкандардын депутаттарынын 3-сьезди өткөн.  

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 1 =