Мен айтпасам…Сен айтпасаӊ… Кытайларга бир машинеге сатылган кыргыз чиновниктери

 Каганат.

    Жол тандабас мингенине кубанган кыргыз чиновниктеринин айынан Кыргызстан «Кытайдын провинциясына» айланып калышы мүмкүн…

«Кылымды козгой» турган Кытай тарап башкасын билбесе дагы, кыргыз чиновниктеринин «кернейдей кекиртектерин» кантип «майлап-сүттөш керек» экендигин жакшы билип бүттү. Кытай  Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, мыйзамдуу дагы, мыйзамсыз дагы «жеӊ ичинен» иштерин бүтүрүп келет.

Эки жыл мурун 996 кытай жарандарына 3-миӊ доллардан 5 миӊ долларга чейин (жалпы сумма 5 миллион долларга жакын) уруксат берген документтерди жасап берген чиновниктерге кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш иши козголуп, эки жылга чукулдап калса дагы  жыйынтыгы чыкпай калды. Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, депутат Кенжебек Бокоев өткөндө сурады эле Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев ийнин куушуруп тим болду.

 Башкы прокуратура баш болуп, мындай иштерге көз жуумп отурганынын себеби бар. Анткени, Кыргызстандагы чиновниктердин «кызарганды көрсө баса калган» адатын билген кытайлар арзыбаган белектерди кармата салып, ишин бүтүргөнгө эчак эле ыкташып алган.

Былтыр Кытай элчилиги Транспорт жана жолдор министрлигине  жол тандабас бергенин депутаттар көтөрүп чыккан. Бирок,  министрлик аталган автоунааны убактылуу колдонуу үчүн гана алганын жүйөө келтирип, аны кайтарып берген белгилүү. Бул факты Жогорку Кеӊеште дагы талкуу жаратып, бирок, бат эле эстеринен чыгып кетти.

Тактап айтканда ошол мезгилдеги Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кытайлык “Сhina Road and bridge corporation” компаниясына тиешелүү Лексус LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты пайдаланып жүргөн. Ал эми аталган компания Кыргыз өлкөсүнүн ири буюртмаларынын аткаруучусу, тагыраагы, Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоодон өткөрүп, учурда альтернативдүү түндүк-түштүк жолун куруп жатат.

Курулуш бүткөн соң аталган министрлик кытайлык компаниядан жолду өткөрүп алат. Дал ушундай жагдайдан улам 100 миң доллардын тегерегин чапчыган кымбат баалуу унаага байланыштуу ишти коомчулук коррупция катары кабыл алган. Ал гана эмес депутаттар  да “жол курууга байланыштуу бир канча тендерлерди утуп алган компаниянын автоунаасын колдонууну коррупциялык схема деп баалоого болот”,- деп айтып чыгышкан. 

“Ачык бюджет” порталынын маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери аталган компания мамлекеттик бюджеттен 1,1 миллиард сомдон ашуун каражат алган. Эгерде, курулган жолдорубуз бир жылга жетпей бузулуп жатканын мисал кыла турган болсок, анда жол куруп жаткан кытайлык ишкерлер министрдин баркын бир унаага баалап, тилин да ошол унаа менен бууган деп айтсак ашыкча болбос. 

Чындыгында бул маалыматта жашыруун бойдон калмак, эгерде министрдин айдоочусу жана министрликтин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айнура Абдраеванын ортосундагы чыр чыкпаганда. Айдоочу кызматтык унааны сүрөткө тарткан Абдраеванын колунан телефонун тартып алып, сүрөттү өчүрмөкчү болгон. Натыйжада сыр ачыкка чыгып,  депутаттар териштирүү иштери бүткүчө министрди жумуштан четтетүүнү талап кылышкан.

Ага удаа эле Ош мэриясына шаардагы кытай консулдугу шаардын күнүн шылтоолоп, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабасты белек кылган. Каадаланган мэр  Айтмамат Кадырбаевдин  жолтандабас мингени элдин сынына кабылган. Шаардын жарандык активисттеринин бири, “Кыргыз Ата” партиясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев

«Бийликтеги аткаминерлер мындай кымбат белектерди кабыл алуудан абайлаш керек. Мүмкүн мындай белек кайсы бир кызмат көрсөтүүнүн артынан келгендир.  Биз көз карандысыз мамлекет болгондон кийин өз акчабызга сатып алышыбыз керек. Акча жок болсо жөө жүрүшүбүз керек. Элдин жашоо турмушу оӊолбой турганда бирөөнүн батинкесин, экинчинин шымын кийгенди, дагы биринин машинесин мингенди токтотушубуз керек» деген эле.

Ага чейин Айтмамат Кадырбаев мурдагы мэрден калган унааны мингенден арданып, алмаштыра албай жүрүп, кытайлардын ары жагы көп суроону жараткан белегине сүйүнүп кетип, элдин сынына кулак каккан дагы эмес. Мэриянын муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов шаар башчыга берилген жолтандабас кытай өкмөтү көрсөтүп жаткан жардамдардын бир чети деп, таӊдайын такылдаткан.

     Кытай тарап эле өздөрүнө пайда көрбөй туруп, мындай иштерди жасабай калсын. «Арканды алыс таштаган» Кытай мамлекети  Жаӊы Жибек Жолун ишке ашыра турган мамлекеттик стратегиясын так ушул биздин өлкө аркылуу ишке ашырып, өлкөнүн тоо-кен тармагын толугу менен колуна алып, ири темир жол куруу менен  толук түрдө экономикалык көз карандылыкка алып келе жатат.

Буга бир жол тандабас мингенине кубанган Айтмамат Кадырбаев окшогондордун акылы жетсе дагы, карабаштары үчүн караламан журтту садага чабууга даяр эмеспи. «Жаманыӊды билип алдым, жайытыӊа кирип алдым» деген кытай тарап алар аркылуу каалаганын кылууда. Керек болсо, Кыргыз-Кытай темир жолу деген ири долбоор $2 ден  $6 млрд чейин туруп, Пекин өзүнүн каражатын салмак болгону менен  Алмазбек Атамбаев ошол жол курула турган аймакты кендери менен кошо 50 жылга колдонууга берип койду.

Тактап айтканда, Кыргызстандагы өтө чоӊ аймакты Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 6 млрд долларга баалады. Жыйынтыгында ким утулуп жатат? Мамлекет башчысы минтип өлкөнүн стратегиялык тармагын «ит бекер» баалап жаткандан кийин мэрдин башы ооруйбу?  

    Ошол Кытайдын элчилигинен белек алганды билген Айтмамат Кадырбаев учурда Өкмөт башчы Сапар Исаков «апенденин кызындай» мактаган Huawei компаниясына тиешелүү чырды кантип эле билбей калсын? Билип турса дагы белектен баш тарткан эмес. Болбосо, Кытайдын элчилигине «Huawei сыяктуу ири компаниялар ушундай иштер менен алек экендигин билебиз» деп кулак кагыш кылып, сыпаа баш тартмак.

Ал  компания Кыргызстандын түштүк  аймагын интернет менен камсыз кылуу боюнча ири долбоорго катышып, “Кыргызтелеком” ишканасы менен бирдикте 2009-2013-жылдар аралыгында прокладдык линияларды тартуу боюнча долбоорду жеңип алып, Кыргызстандын түштүгүндө линия тартууда 300 миң долларлык ишти 3 млн.  доллар деп көрсөтүп, бул боюнча өлкөнүн каржы полициясы 2015-жылы кылмыш ишин козгоп, банк эсептерин камакка алган.

Мамлекет мына ушундай ири чыгымга учурап жатса мэр Кытайдын жол тандабасын мингенине кубанып, ага мэриянын кызматкерлери кошумча болуп, коомчулуктун кыжырын келтирген.

   Эми ошол кытайлык “Huawei Technologies” деген аферист компанияга кыргыз өкмөтү илээшип алып, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду. Депутат Жыргалбек Турускулов айткандай,  Австралия жана Индия сыяктуу өлкөлөр баш тартып, «мамлекеттин атынан тыңчылык, киберчабуул кылган» деп АКШда маселеси каралган  бул компанияга кыргыз өкмөтү өлкөнүн коопсуздугу менен кошо 60 миллион долларды карматып отурат. 

«Форма» менен «бомбанын» айырмасын билбеген айтылуу Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевди түшүп жүргөн “1532” мамлекеттик номерлүү “Лексус-570” үлгүсүндөгү машине “Тун Лин” аттуу кен казуучу кытай компаниясына таандык болгон.  Дүйшөнбек Зилалиев кен тармагын 2013-2017-жылдары башкарган. Ушундан улам “кен казган кытайлык компанияга таандык автоунааны жардамчысы убактылуу айдап турган, Зилалиевдин андан кабары жок болчу” деген түшүндүрмөгө  коомчулук ынааган эмес. Ал эми укук коргоочулар  бул пара болуп эсептелет жана кылмыш иши козголуп, кылдат териштирилиши керек деп айтып чыгышкан.

​- Зилалиев кен тармагын башкарып иштеп жатканда көп кендер кытайлыктарга берилген. Кылмыш ишин ачып, “кытайлык компаниялардын машинелерин кандайча эле биздин министрлер минип калат” деген маселе көтөрүш керек. Бул – пара. Белекпи же опузалап талап кылганбы, кандайча келип калды? “Жөн эле минип турган” дегени курулай сөз. “Көрсө бизде номер жасап алса болот экен, фирманын машинесин минип алса болот экен” дегенге көнүп баратабыз. Биз укуктук мамлекетпизби же жокпу? Бул сөзсүз түрдө катуу каралып, өз баасын алууга тийиш. Эгер берилбесе анда бийлик толугу менен коррупцияга малынганын көрсөтөт- деген Рита Карасартова.

Кытайлыктардын жол тандабасына минип алган Дүйшөнбек Зилалиев дөөгүрсүп, кыздарга тийише коем деп, кызматынан айрылганы менен кытайлардын эсебинен оокатын тыӊдаган көрүнөт. Анткени, Дүйшөнбек Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар агенттигин жетектеп турганда, кытайлык инвесторлордун бир тобу кендерди өздөштүрүүнүн техникалык документтерине ээ болушкан фактылар бар.  Албетте, мындай баалуу документтерди  Дүйшөнбек Зилалиев жогору жактын макулдугусуз эле карматып койгондой башы экөө эмес эле. Демек, Дүйшөнбек Зилалиев минген   «Лексус-570» кыргыздын бийлигинде отурган бир топ чиновниктердин короосунда токтоп турат десек болот.

Тоо-кен өнөр жайынын маанилүү обьектилеринин документине ээ болгон кытайлык компаниялардын катарында мына булар бар экен.

 «Central Azia TIM Company»  кытайлык компаниясы   калай-молибден –вольфрам кендеринин бардык долбоорлорунун техникалык документтерин ээ.  

— Кытайдын Цзинхай провинциясынын «China Western Mining» компаниясы «Жерүй», керек болсо «Кумтөр»  кенин кантип иштетүүнүн техникалык кагаздарын кармап отурат.

 —Дагы бир кытайлык компания сейрек кездешүүчү жана уран  кендерин иштетүү боюнча маалыматтарга ээ.

      «Кекиртектери кенен» кыргыз чиновниктеринин «алкымын» өздөштүргөн кытайлыктардын Кыргызстандын тоо-кен тармагын такыр эле ээлеп алганын какшап айткан менен уга турган кулак жок. Кыргыз чиновниктери жол тандабас мингенине ыраазы болуп, Кыргызстанды дүӊүнөн кармата турган абалга жетишти.

 Учурда кытай инвесторлору «Кендер жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып, кыргыз чиновниктери менен депутаттарын колтуктап жүрүшөт. Кыялдары ишке ашса, кытайлар  Өкмөт конкурс жана башка тиешелүү процедураларды өткөрбөй туруп эле, тоо-кен  тармагын иштетүүнү берүү укугуна болсо, анда эле кытайлык инвесторлордун «Көктөн издегени жерден табылып»,   эч кандай тоскоолдуксуз кендерди иштетүүгө ээ болушат. Муну менен катар Кытай салыктык төлөмдөрдү жергиликтүү бийлик менен 60 – 40 % эсебинде ишке ашыра албай убара болгондугун айтсак болот. Алардын бул аракетине кыргыз чиновниктери дагы жардамчы болуп жүрүшөт.

 Эртеӊден баштап эки күн Ташкентте Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн автомобиль жолдоруна байланыштуу үч тараптуу сүйлөшүүлөрү өткөнү турат. Мындан өлкө эмнени утат аны убакыт көрсөтөт. Бул окшогон иштерге кубанганыбыз менен    биздеги гүлдөгөн коррупциядан улам кекиртеги тыйылбаган, жол тандабас мингенине кубанган кыргыз чиновниктеринин тушунда Кыргызстан  миллиарддаган калкы бар Кытайдын эле бир провинциясына айланабы деген коркунуч турат. Бирок, биздин чиновниктер таланып-тонолгон өлкөгө бечара кыргыздар менен кыргызстандыктарды калтырып, өздөрү бала-чакасы менен четке чыгып кете турганы белгилүү эмеспи.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. dastan 23 Январь, 2018 at 17:28 Жооп берүү

    урматтуу жана кымбаттуу аткаминерлер силер минип жургон машиналар убагы келгенде силердин бир жеринерди сындырып же болбосо омурунорго зыян келтиришине мен абдан ишенем. ар бир несенин чеги болот акылынар бар кезде жакшылап ойлонгула, силердин балдарынар неберенер сиз депутат болгондо эмне иш кылдыныз?- деген суроо бергенде жооп бере алатургандай болгула.

Пикир

5 + 12 =