Түз суроо: Жээнбеков «демократиянын дермантин чапанын» качан чечет?

Каганат.

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду «Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум» дегенден бери эки ай өттү. Президент катары жакшыбы, жаманбы милдетин аткарып жаткан Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аталышына жооп берген демократ Президент катары тарыхта калабы же жокпу деген суроо күндүн темасы болуп турат.

«Өз казаныбызда өзүбүз кайнаганыбыз» менен Кыргызстандагы окуяларга Батыш менен Чыгыш көз салып, а түгүл басылмалары анда-санда Кыргызстанга тиешелүү макалаларды жарыялап жатат. Муну менен кыргыз бийлиги эсептешеби же жокпу бул башка маселе. Бирок, айланып келип, сиз менен биздин жашообузга тиешелүү жагдайлар экендигин эске алганда, аларга  аргасыздан көӊүл бурууга тура келет. Лондондон чыккан абройлуу The Economist басылмасы “Кыргызстандагы репрессия Борбор Азиядагы жалгыз демократияны чиритүүдө” аттуу макала жарыялап, анда чакан Кыргызстанды автократтар башкарып жатканын белгилептир.

“6 миллиондой калкы бар өлкөнүн жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков ноябрда ант берип кызматка киришип жатканда “Кыргызстан бүткүл дүйнөгө демократиялык мамлекет экенин айныксыз далилдеди” деп сыймыктана айткан эле. Ошол эле маалда Жээнбеков аны бийликке алып келген шайлоодогу добуштарды сатып алуу калыстыкка көлөкө түшүргөнүн да моюнга алган”, -деп баа берген аталган  журнал.

 Ошондой эле шайлоодогу дебат учурунда «коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайбыз” деп Сооронбай Жээнбеков коркуткан Өмүрбек Бабанов  учурда мандатын таштаганга аргасыз болуп, кылмыш иши козголуп, сыртта жашап жатканын эске салган. Чет элдик басылмалар  Кыргызстандын жарандарына акыркы ирээтте көӊүл бура турганы белгилүү эмеспи. Ириде “Франс Пресс” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон, чет элдик укук коргоочулар Мира Ритман, Виталий Пономаревдордун Бишкекке киргизилбей калганын санап өткөн. Дагы бир лондондук The Economist басылмасы «Азырынча кыргыз президенти сыймыктанган демократияны коргоо жоопкерчилигин мойнуна алганга даяр экенин көргөзгөнгө ашыккан жок”-деп белгилеген.

      Албетте, «чет элдик басылмалар өздөрүнө ыӊгайлуу макала жаза бербейби» деп көӊүл бурбай коюуга деле болот. Бирок, өлкөдөгү абал мындай пикирлердин жөн жерден жаралбагандыгын тастыктап турат.

Анткени,   аталышы социал- демократтар болгону менен капчыктуулар толуп алган КСДП партиясынын өлкөнү толугу менен ээлеп алганына алты жылдан ашып бара жатат. 

Демократия тууралуу баса-турса оозунан түшүрбөгөн Алмазбек Атамбаев “Мен Соке досума мындай жолго түшкөн адам элден чыгарын айттым. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери мени эч качан саткан жок. Айрымдар аны бир туугандары өзгөртөт деп айтып жатышат. Алар саясатта мурда деле жүргөн. Эгер туура эмес жолго кетсе, өзүнүн шору болот”, – деп «балп» этип туруп, жыйынтыгында бийликке мураскер келди. Мунун өзү социал-демократтардын керек болсо партиянын аталышын түшүнбөй турганын далилдеген эле.

Мындай  кадамга акыры бара турганын жакшы билген Алмазбек Атамбаев “Акыйкаттуулук жана демократия азыр АКШнын өзүндө да жок”,- деп жооткотуп койгон жайы бар. «Шайлоодо ар кандай кырдаал болсо да Кыргызстан эгемендүүлүгүн даңазалай алды”,- деп жымсалдаган экс-президенттин демократия тууралуу «жомогу» ошону менен бүткөн.

    Учурда «Эл аралык уюмдардын соӊку баасы боюнча Кыргызстан КМШ мейкиндигинде эркиндик деӊгээли жогору турган сейрек өлкөлөрдүн катарында турат. Азыр, тетирисинче, көп мамлекеттер демократия куруунун уникалдуу тажрыйбасын бизден үйрөнүп жатышат”, — деп койгон экс-президент жок. Бирок, «демократиянын терисин жамынып алган» башкаруу улантылууда.

    Эӊ негизгиси, саясый атаандаштарды камоо менен кыргыз бийлиги демократиянын принциптеринен четтеп кеткенин эчак эле далилдеген. Ага кошуп, басма сөздү муунтууга

жасалган аракеттер дагы өлкөгө аброй алып келген жок. Мыйзамсыз аракеттер менен коштолгон шайлоодон кийин саясый туткундардын абалы өзгөрөт деп күтүп турган карапайым калктын үмүтү «суу сепкендей» эле өчтү. Анткени, ушул мезгилге чейин Дача-СУ тууралуу ооз ачканга жарабаган президент саясый туткундар тууралуу унчуга элек. Тагыраагы, мындан ары деле такыр унчукпаса керек.

Буга кошулуп, экс-президент журналисттерден 30 миллиондук доо утуп, анын аркасынан эле Жээнбеков ЖМК өкүлдөрү менен 10- миллиондук сомго соттошуп жаткандыгы өлкөдө демократиянын «көлөкөсү» көрүнбөй калганынан кабар берди.  Кызматка киришип жатып “Эки негиз бар: Биринчиси-эркиндик, экинчиси-жоопкерчилик” деген президент  демократиялуу өлкөдөгү басма сөздүн жоопкерчилиги бул-айып төлөтүү деп түшүнүп алды окшойт.  

    Башкасы башка, шайлоонун алдында жана андан бери каралардын камактан үстөккө-босток боштондукка чыгып жатышы коомчулукту дүрбөлөнгө салды. Айтылуу Азиз Батукаев, Камчы Көлбаевдер Алмазбек Атамбаевдин тушунда эркиндикке чыгарылганы белгилүү. Кийин   «Жеӊго» деген каймана аты бар Кадыр Досонов камактан чыгарылып, анын артынан

«Алтухасы» чыга турган болуп, кайра калып калган. Эми Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден кийин “Дөө” аттуу каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов , “Дөө Чыңгыздын оӊ колу” катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Мунун өзү бүтүндөй өлкөнүн жарандарын «бир ууч караӊгы топтун түшүнүгүн ээрчип жашагыла» деген басымбы бул жагы түшүнүксүз болуп турат. Бул тууралуу бийлик бир ооз бирдеме дебейт. Алар караларды кайсы бир максатка колдонуп, эркиндикке чыгаруу менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнө түгүл, өздөрүнө дагы шек келтирип жатканын аӊдабай жаткан сыяктуу.

Мындан улам коомчулукта «Алмазбек Атамбаевдин тушунда криматалык шайлаганга үлгүрбөй калган каралар эми Сооронбай Жээнбековдун тушунда шайлаганы турушат» деген пикирлер айтыла баштады. Бийлик качанкыга чейин каралардын таасиринен чыга албайт? Ошондо Сооронбай Жээнбеков «демократиянын терисин жамынган», иш жүзүндө каралардын колдоосуна таянган мамлекеттик жетекчи катары тарыхта калабы, бул абалды Президент кантип оӊдойт чоӊ суроо болуп турат.

 «Демократиялуу өлкөдө мыйзамдын диктатурасы орнош керек. Кыргызстандын өзүнүн демократиялык жолу бар» деп чет элдик басылмаларга маек бергени менен экс-президент саясый куугунтуктар, сөз эркиндигине жасалган кысымдар аркылуу өлкөнүн кайсы жолдо экенин тастыктап кетти. Эми «Атамбаевдин жолун улайм» деген Сооронбай Жээнбеков демократиядан четтеп кеткен ал жолду улайбы же чукулунан бурулабы? Эки айдан бери өтөөр-өтпөсү арсар болуп турган КСДПнын жыйыны  алдыда Сооронбай Жээнбековго демократиялуу өлкөнүн жетекчиси катары мүмкүнчүлүк берилбей турганын алдын-ала айтып тургандай. 

     Эмнеси болсо дагы, «Элет жылы» менен иш баштаган Сооронбай Жээнбеков демократ боло алабы же жокпу деген суроо эмитен эл оозунда айтылып, чоӊ шектенүүлөрдү жаратып, жада калса чет элдик басылмалардын оозу менен айтылууда. Мындан Президент кандай жыйынтык чыгарат же «мурунку көчтү», тагыраагы «сырты демократия, ичи автократия» болгон башкарууну улантып, «демократиянын дермантин чапанын» чечпей жүрө береби? 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − жети =