Жети-Өгүздө кар көчкү алдында калган адам изделүүдө

Каганат.

ӨКМнин бама сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көлдө кар көчкү алдында бир адам калып, ал изделүүдө.

Маалым болгондой, 21-январда Жети-Өгүз районунда Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогуна 3 адам отун чогултканы чыккан.

Бул маалда кар көчкү түшүп, алардын бирин – 39 жаштагы эркекти басып калган. Эки адам аман калды.

Издөөгө атайын техника менен 80 адам тартылды.

Жеринде уюлдук байланыш жок болгондуктан, иш татаалданууда.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × беш =