БҮГҮН: 24-ЯНВАРЬ… ДАТА… ОКУЯЛАР…ФАКТЫЛАР…

Бүгүн, 24-январда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаайт. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8,

Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-6, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -11…-16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14;

Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -11…-13°, күндүзгү жогорку температурасы -5…-7°.

Кыргыз тарыхында…

1859-жылы Батыш Сибирь генерал-губернатору Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылса, дал ушул күнү 2008-жылы  Ички иштер министрлиги Бишкектин борбордук аянтында Орозо жана Курман айт намаздарын өткөрүүгө тыюу салууну сунуштап, өкмөткө кат менен кайрылган. 

 2006-жылы Жалал-Абад облусунун губернаторлугунан алынган Жусупжан Жээнбековду тарапташтары кызматка кайра алып келишсе, 2014-жылы 24-январда Алмазбек Атамбаев кыргыз-кытай чек арасындагы окуяда каза тапкан Александр Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берген.

Дүйнөдө…

 1859-жылы Молдавия жана Валахия автономдук княздыктарынын парламенти Румыния аттуу бир мамлекетке бириккендиги туурасында чечим кабыл алса,   1960-жылы Алжирде

Франция президенти Шарл де Голлго каршы козголоң башталган.

Ал эми  1988-жылы Орусиянын Нижневартовск шаарынын аэропортунан  Як-40 учагы көтөрүлө албай жарга урунуп талкаланса,  2011-жылы Москва шаарындагы Домодедово аэропортунда террорчу өзүн жардырып жиберген. Ошондой эле бул күнү  2014-жылы Эл аралык издөөгө алынган Михаил Надель кармалган.

 1848-жылы 24-январда Америкадагы “Саттер” аттуу карагай тилген жайда алтын табылып, адам баласынын акылын адаштырган “алтын безгеги” башталса,  1924-жылы алгачкы Кышкы олимпиадалык оюндар башталган.

Өмүр… Өлүм… Тагдыр…

 Бул күнү 2003-жылы Адабият таануучу, жазуучу, акын, сынчы Камбаралы Бобулов, 2007-жылы КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Даниал Назарматов, 2013-жылы Кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү композитор Тарас Асанакунов каза болгон.  

 Ал эми дүйнөдө 1965-жылы Англиянын эки жолку өкмөт башчысы Уинстон Черчилль көз жумган.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

8 − 2 =