Чек араны чеп эмес, эл сактайт… Барак менен Чарбактын маселесин көтөргөн ким бар?

0

Каганат.

Үстүбүздөгү жылды  Президент Сооронбай Жээнбеков  «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Албетте, изги тилек, илгери иш катары баарыбыз кубанып турабыз. Эки күн мурун жарлыктын негизинде аймактарды өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйынын өткөрдү. Бир топ маселелер айтылды.

Сооронбай Жээнбеков аймактардын өнүгүшүндө өтө чоң айырмачылык бар деп, анын негизги себеби катары каражаттардын адилеттүү бөлүштүрүлбөй жатканын айтты. А түгүл, кайсы региондон чиновниктер көп болсо акчалар алардын айылына агылып жатканын сынга алып, «региондорду өнүктүрүү президенттик мөөнөтүмдөгү артыкчылыктуу багыт», — деп атады.

Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды болуп,  Бишкек шаары менен эле чектелип жатканын айтты. Аймактардын өнүгүүсүнүн ортосунда ажырым чоң экенин, ага акчанын теңсиздик менен бөлүштүрүлүп жатканы себеп экенин белгиледи. «Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүүсү артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду» деп бир топ маселенин башын ачыктады.  

    Президенттин койгон маселесинин туурасын туура деп эле кабыл алганыбыз жөн. 2007-жылдан 2017-жылга чейин дотацияда отурган айылдардын саны 24 пайызга чейин өскөн экен. Мисалы 2007-жылы 306 айыл дотацияда болсо, 2017-жылы алардын саны 382ге жетиптир.  Ал эми аймактарга түз инвестиция тартууда дээрлик бардык облустар артта калыптыр.

            Биздин кабатыр болгон жагдайыбыз, Президент ушул «Элет жылынын» алкагында «чек ара аймагындагы айылдарга өзгөчө көӊүл буруу керек» деген маселени кошо көтөрүп чыкканда эӊ сонун болот эле. Анткени, мамлекеттик аймактык бүтүндүгү жана коопсуздугу мына ушул чек арадагы айылдардын өсүп-өнүгүүсүнө байланыштуу эмеспи. Муну Президент өзү дагы жокко чыгарбайт. Бекеринен Президенттик иш-аракетин коопсуздук маселесинен баштаган эмес. Бардык тепкичти басып өткөн жетекчи караты Президент бул маселени беш колундай билет.

     Албетте, «чек арага жакын аймактардагы айылдар таптакыр кароосуз калган» деген ойду айттуудан алыспыз. Кандай маселе болбосун, кайрылып кайра кызыкпаган Жогорку Кеӊеш карап, ошол кездеги президент Роза Отунбаев кол коюп, 2011-жылдын 26-июлунда «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынган. Мыйзам 2012-жылдын 1-январында күчүнө кирген.

Кийин аталган мыйзам 2014-жылдын 10-июлунда, 2017-жылдын 20-июлунда өзгөртүү жана толуктоолорго ээ болгон. Мыйзамдын максаты катары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн сактоо, чек аранын бекемдигине, коопсуздукка кам көрүү, калкты иш менен камсыз кылып, алардын жашоо-турмушун жакшыртуу көрсөтүлгөн. Мындай  “Чек арадагы айыл” макамы бар айыл жана кыштактарга бир катар жеңилдиктер каралган. Азыр Кыргызстан боюнча жалпысынан 59 айыл-кыштак чек ара аймагындагы айыл деген өзгөчө макамга ээ экен. Албетте, мыйзамда бардык муктаждыктар эске алынып калбаганы менен жакшы эле башталыш болгон. Бирок, аталган мыйзам бүгүнкү күндө иш жүзүнө ашып жатабы маселе ушунда турат.

     54 айыл чек ара аймагындагы өзгөчө макамга ээ айылдардын  37сии Баткен облусунда, анын ичинде 19у Баткен районунда жайгашкан, алардын арасында Чарбак жана Согмент айылдары  бар.

Убагында депутаттар чек аралаш аймактарга барып, баардык эле чек арага жакын жайгашкан айылдарга өзгөчө макам ыйгарыла бербегендиктен, мындай маселелер кошумча иликтөөлөрдү талап кыларын айтышкан. Андан бери аткарылган иштер чала-чарпыт бойдон калыптыр. Бизди Президент Сооронбай Жээнбеков дагы калп айттырбаса керек. Анткени, эки жыл мурун өзү премьер-министр кезинде өкмөттүн жыйынында «чек арадагы өзгөчө макамы бар айылдарды өнүктүрүү иштери толук аткарылган жок» деп сынга алган жайы бар.

    2014-жылдагы аталган мыйзамга өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык,   «Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигине кыймылсыз мүлк объекттеринин кандай болбосун түрлөрүн ээликтен ажыратуу менен байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат» деп каралган. Буга карабай, биз билгенден учурда чек аралаш аймактарда баш-аламан менчик сатып алуу фактылары арбын эле катталууда. Бул маселеге айрымдар «Бир гана тыюу менен маселе чечилбейт – элдин жашап турушуна мамлекет кам көрүш керек» деген пикирлерин билдиришти. Анткени, мигранттардын басымдуу бөлүгү чек аралаш аймактарда жашаган айылдардын тургуну экендиги белгилүү.   

     Бүгүнкү күндө байкоо жүргүзсөк, биз баш болуп,  бир топтордун  аталган мыйзам тууралуу  түшүнүгүбүз кеӊири эмес экен. Анткени, мыйзам  жайылтылып, калктын жашоо-турмушун жакшыртууда колдонулса калк кабардар болмок. Социалдык тармактар аркылуу суроо салганыбызда аталган аймактын жашоочулары, жалпы эле кыргызстандыктар чек аралаш аймакта жашагандардын маселесин ортого салышты. Кыргыз бийлиги менен Өкмөтү  «бизди эмне деп жамандашты» деген мааниде эле социалдык тармактарга көз салбай, элдин үнүн ушундай жол менен укканда деле туура болмок.

     Кыргыздардын жана кыргызстандыктардын пикирлерине кулак төшөсөк, чек арадагы айылдарга моралдык, материалдык колдоо керек экен. Спорт залдары, аянтчалары, балдар бакчалары, заманбап мектептер, клуб, маданият үйлөрү, кайра иштетүүчү цехтер, банкоматтар, банктардын филиалдары ж.б зарыл дешет. «Чек арага жакын жайгашкан калктын социалдык маселелерин, бюджеттен башка айылдарга караганда кененирээк берип, колдоо көрсөтүш керек. Ал айылдарда жашап, иштеген мугалим, врачтардын ж.б  айлыктары жогору болууга тийиш. Кызыккандар ошол айылдарга барып жашап жана  иштешине шарт түзүлсө андан бетер жакшы болмок» дешет.

«Чек арадагы айыл тургундарына «чек арачы” деген өзгөчө статус берилсе жакшы болмок. Кредит алууда, окуу жайга тапшырууда, социалдык жөлөк пулдарынын көлөмүн көтөрүүдө жеңилдиктер берилиш керек эле» деген ойлорун билдиришти.  Мунун баарын эрикпей жазып алдык, анткени элге керек.

   Ал эми «аймактык бүтүндүк»  деген маселе оор боюнча калууда. Башкалар чек арасын бекемдеп, керек болсо коӊшулаш Өзбекстан Кыргызстандын эсебинен аймагын кеӊирилете албай эси кетип жатса, кыргыз бийлиги теӊирден тескери иш кылууда. Былтыр Ноокен районундагы эки айылды Өзбекстан менен чектешкен чек арадан 50 метр артка жылдыруунун аракетин көрүшкөн эле.  Аксы районундагы Унгар-Тоо аймагындагы байланыш түйүнүнө байланышкан маселе канчалык кепке арзыйт.

Элди тынчытуу максатында кыргыз бийлиги кандай гана кадамдарга барышкан жок.  Кыргыздын эле Кош-Дөбө  Ноу, Устукан, Мамай айылдары тегеректеп турган тоону каратып туруп карматып кое жаздабадык беле?  

 Баарынан дагы «Өзбекстандын ичинде жайгашып калган» деп кыргыз бийлиги жанталашып белгилеген Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылынын тагдырын кантебиз? Кошуна мамлекетке жан тартып отуруп, кыргыздын эле жерин каратып туруп, элинин бир тобун көчүрүп, Өзбекстандын аймагын кеӊейтип берип койдук го?  Учурда Барак менен Чарбактын маселесин козгоп чыккан бир дагы жергиликтүү бийлик ээлери жок. Карапайым-калктын көйгөйү жаралып калганда гана үн катымыш болуп коюп келе жатышат.

1961-жылы мамлекеттик картанын негизинде деген мааниси жок келишимден улам Талас облусундагы Ак-Сайдан айрылган жергиликтүү эл  эки жыл мурун бийликтин сабатсыздыгынан «Кара-Буура районундагы  2600 гектарды алмашуу» деген маселенин айланасында Көк-Сайдан айрылып кала жаздаганы белгилүү.

Буларга окшогон маселелер жыйылып кетип, жылдап чечилбей, кыргыз Өкмөтү комплекстүү иш кылбай, маал-маалы менен маселе жаралса «жаап коюп» келе жатканын кантип танабыз? Чек ара аймагындагы айылдардын маселеси күндүн темасынан четтебей, күндө карала турган маселе. Аймактын эллине социалдык жеӊилдиктер менен кошо атайын компенсация каралса жаманбы? Ансыз деле канчалаган каражат жегич чиновниктердин кекиртегине кетип жатпайбы? Айтор маселе арбын…   

     Чачырап кеткен оюбузду жыйынтыктасак, Президент «Элет жылын» так ушул чек арага жакын аймактарга көӊүл буруудан баштаса максатка ылайык келмек. Өзү премьер-министр кезинде  «чек арадагы өзгөчө макамы бар айылдарды өнүктүрүү иштери толук аткарылган жок» деп сындаган маселеден баштаганда сонун болмок. Мигранттардын бала-чакасын багып, үмүттөрү үзүлбөй, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап келе жаткан чек арадагы айылдардын маселеси жалпыбыздын маселебиз. Ал кечиктирилбей чечүүнү талап кылган, жалпы элдин көӊүлүн бура турган маселе. Анткени, мамлекет чек арадан башталат. Чек араны чеп эмес, эл сактайт. Биз муну унутпашыбыз керек.   

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 3 =