Саясатчылардын жүзү жана сүрү: «Нар кескен кылычтай» Нариман сынбайт…

 

Каганат.

Кыргыз саясатында ак менен кара кагылышкан учурларды башынан өткөргөн саясатчылар чанда эле. Ооз толтура «адамдардын укугу, теӊчилиги» деп кеп кылып койгонубуз менен ошол тагдырды баштан өткөрүп, майышпаган мүнөзүн сактап калгандар аз. Нариман Түлеев ушундай саясатчы. Тагыраагы кыргыз бийлиги канчалык сындырууга аракет жасаса дагы ийилген жок. Ушунусу менен эл арасындагы кадыр-баркын кадимкидей кармап калды. Бул анын саясатчы катары жүзү менен сүрүн сактап калганга шарт түздү десек болот.

 Нариман Түлеевдин басып өткөн өмүр жолун  карап отурсаӊ айрымдардыкындай беш-алты барак чыкпайт экен. Инженер-куруучу адисттигин алып, 1985-жылы  Нарын МККсында эмгек жолун баштап, кийин ошол мезгилдеги адамдардай комсомолдук  кызматтарда иштеп, 90-жылдары жеке ишкердикке өтүп кетиптир. Төрт жыл  “Темир” мамлекеттик ишканасынын  жетектеп, кийин “Кыргызтемиржолу” “Улуттук компаниясын алдыга жылдырып, мэр болуп, “Ата-Журт” партиясынын колдоосу менен депутат болуп, кийин элди бары билгендей мыйзамсыз камалып кетти.

 Бирок, так ушул бир барак толбогон, кыскараак сезилген өмүр таржымалы кыргыз саясатында Нариман Түлеев деген өзгөчө ысымдын калышына шарт түзгөн. Ал жок дегенде бир адам ишкана менен шаарды оӊдоп кое турганын далилдеген.

Бишкектиктер шаардын тазалыгы, ыӊгайлуулугу тууралуу кеп болгондо бекеринен Нариман Түлеевдин ысымын аралаштырбайт. Борбор калаадагы ал жасап кеткен жакшы иштер менен учурдагы мэрге чейин оокат кылып келе жатышканын ким танат?

  Ал эми “Кыргызтемиржолу” ишканасын кантип оӊдогонуна өзүбүз күбөбүз. Вагондордогу жаман аялдын жуурканындай самсаалаган төшөнчүлөрдү кайра жасаттырып, ыш басып,

көмүрдүн жытынан арылбаган составдарды оӊдоп, көк жөтөл болгон  проводниктерге шарт түзүп, кыштын күнү зирилдеп муздак сууга жуунган мигранттарга кам көргөн эле. Анын мындай иш билгилиги канчалык билмексен болгонубуз менен эл оозунда айтылып калды. Муну кантип танабыз? Нариман Түлеев Кыргызстан темир жол транспортуна гана эмес, бүтүндөй бардык тармактарга, ошондой эле соода-өнөр жай байланыштарын өнүктүрүүгө салым кошкон адам катары аты калган.    

 Кызыгы, Нариман Түлеевге козголгон кылмыш иши дагы Бишкек шаарынын социалдык маселесин чечүүгө, шаарга таштанды чыгаруучу автоунааларды, эл ташыган автобустарды алып келүүгө байланышкан иштер эле. Тагыраагы элдин маселесин чечем деген Нариман Түлеев акыры ошону менен мыйзамсыз соттолгон дешет укук коргоочулар.

Алгач $1 млн 412 миӊ каражат мамлекетке зыян келтирген делген факты чубалып отуруп, 104 млн каражатка  чыгып кеткен. Буга дагы чыдап берди Нариман Түлеев.

Бийликтин кысымын көтөрө албай атасы кайтыш болуп кетти. Мындай оор кайгыны дагы  көтөрүп түттү. Акыры жылдап чогулткан байлыгын «мамлекеттин эсебине» деген шылтоо менен талап-тоношту. «Сапаткомун» тартып алса, майышып калбай «Чынар» соода борборун курду. Чыканактай болгон кызы дагы чыйрак экен, атасына колуна-кол, бутуна бут болуп берди. Нариман Түлеевдин башкалардан артыкчылыгы кенедей имарат салса дагы кыргыздын жерине салууда. 

Кызыгы, Нариман Түлеев сыяктуу эмнеси болсо дагы кыргыздын жерине ишкана ачып, сода борбор куруп, тарттырып жиберсе аны көрүп, тарттырбаса муну көрүп иш кылган байлар аз. Көпчүлүгү «чычкан кемирген» акчаларын сыртка алып чыгууга шашат. Ошону менен алардын күнүн башкалар көрүүдө.  Түлеевдин байлыгынын кызыгын башкалар көрсө көргөндүр, бирок калыстык үчүн айтпай коюуга болбойт. Нариман  Түлеевдин тапкан-ташыганы кыргыздын жеринде калат. Анын артыкчылыгы дагы, азабы дагы ушунда.

     Кыргыз бийлиги байлыгын басып алганы менен анын көктүгүн, өжөрдүгүн, табышкердигин, тажаалдыгын тартып ала албаптыр. Керек болсо, камакта отуруп  №47-СИЗОну баш кылып, ошол жакта жаткандарга кам көрүп, абактарды оӊдоп-түзөгөн экен. Жаза-аткаруу башкармалыгы «жаагын басып», элге жарыя кылбаганы менен айтылып эле жүрөт. Демек, Нариман Түлеевдин табышкердиги калктын бардык тармагына жарыгын тийгизген. Мунун эмнесин танабыз?

   Учурда, Нариман Түлеев түгүл, баш көтөргөндөрдү баса калып, камаганын камап, камай албагынан качырып, айтор өлкөнүн ичи чаӊ-будуӊ түшүүдө.  Мындан кимдер утуш алууда? Кыргыз бийлигине буту илээшкендер убактылуу утканы менен эл утулууда. Нариман Түлеев сыяктуу башы иштеген, байлыгы бар адамдарды пайдаласак болбойт беле? Айтор суроо көп….

    Кыргыз саясатында Нариман Түлеевдин аты баары бир аталып, өжөрдүктүн, көктүктүн үлгүсү катары айтыла берээри турган иш. Айрыкча Бишкектин өткөнү менен кеткени айтылган учурда каалайбызбы же каалабайбызбы, айрыкча шаардыктар аны жакшы жагынан гана эстешет. Анткени, шаар «Нариман Түлеевдин тушунда шаарга окшоп калган» деп баары айтат.

   Биз айткан Нариман Түлеев жөнүндөгү жагдайларга айрымдар кошулбашы дагы мүмкүн. Белгилей кетүүчү жагдай, биз эч кимди ынандыруунун милдетин алган эмеспиз. Балким, биздин пикирге Нариман Түлеевдин өзү дагы кошулбастыр аны өзү билет. Биз болгону, эл арасында айтылган кептерге баам салып ой жүгүрттүк. Аны ким кандай кабыл алат өз эрки. Жыйынтыктап айтканда « нар кескен кылычтай», өткүр мүнөз Нариман Түлеевдин кыргыз саясатында өз жүзү менен сүрү бар саясатчы деп таанууга болот.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − он жети =