Төрөбаев Новиковго кабинетте отурбай, аймактарды кыдырып иштөөнү сунуштады

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев экономика министри Артём Новиковго кабинетте отурбай, аймактарды кыдырып иштөөнү сунуштады.

2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо эң туура кадам деп эсептейбиз. Сиз ар бир айылдарга барып, так тапшырмаларды коюп иштешиңиз шарт. Бизге кайрылсаңар көп программалар бар. Калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча сунуштарды берүүгө даярбыз”, – деди Төрөбаев.

Муну менен катар эле депутат  өкмөт тарабынан кабыл алынган программалар көп учурда ишке ашпай жатканын негиз кылып, министрди бул багытта аймактар менен кызматташууга чакырды.

Ал эми экономика министри Артём Новиков өкмөт бардык сунуштарын кабыл алууга даяр экенин айтты.

Эске салсак, 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 2 =