Ызгаардуу суукта Ак үйдүн алдында митинг өтүүдө

Каганат.

Бүгүн, 24-январда ызгаардуу суукка карабай, Ак үйдүн алдында “Жерлерди трансформациялоо” мыйзамына каршы  митингге чыгышты.  

Митингге чыккандар 2009-жылга чейин берилген тилкелердин баары трансформация болушу керектигин талап кылышууда.

Алар менен Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин аппаратынын башчысы Айтмамат Назаров митингге чыккандарды кабыл ала турганын айткан.

Эске салсак, аталган кыймыл 22-январда да Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышкан. Аларды тармактык комитеттин аппаратынын башчысы Тилек Мусаев кабыл алып, 24-январда бул маселени карап бере тургандыгын билдирген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч + он бир =