Жети-Өгүздө кар көчкү астында калган жаран табыла элек

Каганат.

ӨКМнин басма соз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айыл аймагында кар көчкү астында калган жаран табыла элек.

 Маалым болгондой, издөөгө жалпы 52 куткаруучу 3 даана ГАЗ-66 унаалары менен жөнөп кетишкен. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 50 адам издөө иштерине тартылды.

21-январь күнү болжол менен саат 17:00дө Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда 3 адам аң уулоодо журүшкөндө кар көчкү түшүп, бирөөнү басып калган. Кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 154800 м3.

Эки адам аман калган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

17 + он үч =