Астанада катуу сууктан улам таксилер элдерди акысыз ташууда

Каганат.

Астанада ызгаардуу суук кеткиче жашоочуларды акысыз таксилер ташып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Анда айтылгандай, бекер жол кире акциясы кечээ башталып, бүгүн дагы уланат.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниянын 11 унаасынын айдоочулары көчөдө турган тургундарга акысыз жетип алууну сунуштоодо.

Эске салсак, Астанада каттуу сууктан үшүк алып  30га чукул адам ооруканага жаткырылды.

Ушул күндөрү Казакстандын айрым жерлеринде абанын температурасы -40 градуска чейин жетүүдө.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 + 2 =