Катуу сууктан улам, мектептерде окуу токтотулат

Каганат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аба ырайына байланыштуу 26-январдан тарта өлкөдөгү мектептерде окуу процесси токтотулат.   

Маалым болгондой, бул багытта министрликтин буйругу чыгарылды. Ага ылайык, 5 күндүк тартип менен окуган мектептерде 26,29,30-январь күндөрү окуу болбойт. Ал эми жумада 6 күн окуткан мектептер 26,27,29,30-январь күндөрү жабылат.

Белгилей кетсек, бүгүн  Жогорку Кенеште катуу суук болуп жаткандыгына байланыштуу депутаттар мектептерде окуу процессин токтото турууну сунушташкан.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он алты + эки =