Кылмыш-кырсыктар: Бир миллион сом уурдалып, ызгаар суук 15 адамдын өмүрүн алды

Каганат

 Өлкө аймагыда 17 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында бир сутканын ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө бардыгы болуп 22 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарындагы Горький көчөсү №89 дарегинде орун алган “Истамбул” кафесинин чатырында 0,5 метр электр зымы күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушунан келип чыккан деп айтылат маалыматта.

Ызгаар суук 15 адамдын өмүрүн алды

Бишкек шаарында  он беш киши суукка тоңуп каза болгонун соттук-медициналык экспертиза аныктады. Алар негизинен үй-жайы жоктор. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматта, маркумдардын бардыгы каза болгондон кийин табылганы айтылат.

– Милиция кызматкерлери күндө иш алып барып жатат. Өткөн жумада алдын алуу иштерин жүргүзүүдө 239 селсаяк аныкталып, 22си үй-жайы жоктор үчүн “Коломто” борборуна жайгаштырылган. 25 кишиге тартип бузуу боюнча административдик протокол түзүлүп, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилген

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы суук күчөгөнүнө байланыштуу бардык райондордо үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалкалоочу түйүндөр ачылганын билдирген.

Ушу тапта Бишкекте сууктун күчү күндүз -19 градусту көрсөтүүдө. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн – 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн – 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен.

Унаа башкара албаган мекендешибиз бир адамдын өлүмүнө себепкер болду

Россиянын Астрахань шаарында 2017-жылдын 3-сентябрында Магнитогорск көчөсүндө үч баланы сүзүп кеткен 19 жаштагы Кыргызстандын жараны боюнча соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу astrakhan-24.ru басылмасы жазып чыкты.

Унаа башкарууга укугу жок айдоочу Магнитогорск көчөсү боюнча бара жатып, эки кыз жана бир бала жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жатканда сүзүп кеткен.

Мындан улам 5 жашар кыз ошол жерден көз жуумуп, анын 3 жаштагы сиңдиси жана 10 жашар бала оор жарат алышып, ооруканага жеткирилген

Соттун чечими менен мекендешибиз 3 жыл жана 3 айга жатак колонияга эркинен ажыратылып, ошондой эле 3 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды.

Көк бөрүнү көрөм деп келген көчөт өмүр кыйылды

Ошто көк-бөрү оюну учурунда каза болгон 12 жаштагы баланын ата-энеси милицияга арыз жазышкан жок. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, ата-энесинен арыз келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши козголбойт. Ошондой эле маалыматта бул кокустук экени айтылат.

-Бул кокустук. Бала көк бөрү оюнун көргөнү келген. Оюн учурунда аттар бала тарапка чуркашкан. Улакчылардын бири катуу ылдамдыкта келип баланы коюп кеткен. Натыйжада бала каза болгон,-деп билдирет Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы.

Ошондой эле бул улак тартыш оюна баланын атасы жана агасы да катышып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин, учурда абалды иликтөө жүрүп жатканын, оюндун уюштуруучуларына карата чара көрүлөт деп айтылат маалыматта.

Боюнда бар келин меш жарылып жарат алды

Сокулук районунун Романовка айылындагы Москва көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн меши жарылып, анын кесепетинен 1996-жылы туулган Ж. кызы А. денесинен 65% күйүк алып, оор абалда Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, учурда жабырлануучуга дарыгерлер тарабынан керектүү жардам көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле, окуянын себеби такталууда.

Ал эми кошуналарынын  айтымында, ысык жылытуучу системанын (паровой отопления) үстү тоңуп, анын кесепетинен меши жарылган.

-Келин жылытуучу системасына катуу от жаккан. Буу чыга турган жери тоңуп, ысык меши жарылып, андагы суу келинге чачыраган-дешет кошуналары.

Кырсыкка кабылган 22 жаштагы келиндин 20 жумалык боюнда бар.

Электриктин атын жамынган кылмышкерлер 1 миллион сомду уурдап кетишкен

Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагындагы үйлөрдүн биринде электр тармактар ишканасынан келгендигин айткан эки жаран миллион сомго жакын акча сакталган сейфти жана алтын буюмдарды алып кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Андагы маалыматка таянсак, 19-январында күндүзгү саат 12:00 чамасында өздөрүн электрик деп тааныштырган уурулар «үйдөгү эсептегичти карап алалы» деген шылтоо менен үйгө киришкен.

Дарбазаны ачкан 20 жаштагы келинди тапанча менен коркутушуп, шакек-сөйкөсүн чечтирип, үйдө болгон акчаларды алып чыгууну талап кылышкан. Үйдү үч көтөрүп акча издеген кылмышкерлер акча сакталып турган сейфти табары менен келинди колу-бутун байлап, оозун скотчтоп, сейфти алып чыгып кетишкен.

Үй ээлеринин айтымында, анда сакталган акчаларды жана баалуу зер буюмдарды эсептегенде 1 миллион сомго жетет. Тилекке каршы, келин ууруларды тааный алган эмес. Анткени алар дарбазадан кирери менен бет кап кийип, аны коркутууга алышкан. Үй ээлери милицияга кабар беришип, келин окуянын чоо жайын айтып берген.

«Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголголду. Кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу жумуш алып барууда. Кылмышка шектүүлөрдүн болжолдуу сүрөттөрү түзүлүп, багыттамалар берилди», – деп айтылат маалыматта.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − 8 =