Балбан Каныбек Жолчубеков Takhti Cup 2018 мелдешинде алтын медаль багындырды

0

Каганат.

Кыргызстандык спортчу Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча Takhti Cup 2018 мелдешинде жеңишке жетишти. 

Мелдеш Ирандын Бендер-Мехшехр шаарында 25-январда башталган. Анда жалпы 10 комплект медаль ойнотулууда.

Мекендешибиз Жолчубеков 60 кг салмакка чейинки спортчулар арасында мелдешке катышты. Ал алдын алуу раундунан ийгиликтүү өтүү жана жарым фоналда Казакстандын спортчусу Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде жеңип алды.

Ал эми Жолчубеков финалдык таймашта ирандык Мехрдад Мардани менен беттешип, 6:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти.

Бул алтын медаль Takhti Cup мелдешиндеги Кыргызстандын алгачкы медалы болуп калды.

Ал эми 63 кг салмактагылар арасында финалдык беттешүүгө Калы Сулайманов чыгат.

Бөлүшүү:

Пикир

он беш − бир =