Суукта териге кандай кам көрүү керек?

0

   

Каганат.

Суукта бетти кантип туура тазалоо керек?

Суук учурунда спирт кошулган тоник, антибактериалдык гел жана көбүк колдонуу бетти кургатат. Өтө эле зарыл болгон учурда курамында 30 пайыздан төмөн спирт кошулганын тандаңыз. Кышкысын макияжды өчүрүүгө косметикалык сүтчө же каймак, термалдык суунун негизиндеги лосьон колдонгон оң. Ошондой эле ромашка, череда, шалфейдин маңызын колдонуңуз.

Кышында бетке маска керекпи?

Сөзсүз түрдө. Анткени бул учурда тери азыктандырууга абдан муктаж болот. Масканын курамында май, жумуртканын сарысы, быштак жана витаминдер болуусу керек. Бул каражаттарды териңиздин түрүнө жараша колдонуңуз.

Майлуу териге

Суукта майлуу терини быштактан жасалган маска менен коргоого болот. Ал үчүн 1 аш кашык майлуу эмес быштакка, 1 чай кашык майсыз кефир, 1 чай кашык каалаган мөмөңүздүн ширесин кошуп аралаштырып маска жабасыз.

Кургак териге

Нымдандыруучу маскалар туура келет:

Картошканы кабыгын аарчыбай сууга бышырып, муздагандан кийин кабыгын аарчыйбыз.

Чийки жумуртканын сарысы

1 аш кашык каймак.

Картошкага жумуртканын сарысын кошуп эзип, каймакты кошобуз. Аны бетке, моюнга толук сүйкөп, 15-20 мүнөт коёбуз. Масканы жумасына 2-3 жолу кайталаңыз.

Сезимтал териге

Төмөндөгүдөй маска сунушталат:

Жарым апельсиндин ширеси

Жумуртканын сарысы

1 аш кашык өсүмдүк майы

1-2 чай кашык бал

Бул каражаттардын баарын аралаштырып бетке жана моюнга 15 мүнөт коёсуз.

Өтө кургап кеткен териге

Зайтун майы пайдалуу, андан соң ысык нымдуу сода компрессин 1 чай кашык содага бир литр ысык суу кошуп жасаңыз. Соңунда ак кочандуу капустадан ботко жасап 10-15 мүнөт маска жабасыз.

Кан тамырлары кеңейип жана дүүлүгүп кетүүчү терилерге

Кышында тынчтандыруучу масканын алдында терини эс алдыруу керек. Беттеги макияжды тазалап, ромашканын жылуу кайнатмасына малынган марлини бетке толук муздаганча жабыңыз. Бул ыкманы 2-3 жолу кайталоо керек.

Териге маска жасап же болбосо башка үй шартындагы косметикалык процедура-ларды жасоо үчүн кечки саат 21ден 23кө чейинки убак эң мыкты учур болуп эсептелет. Ошондой эле дайыма ачык маанайда позитивдүү жүрсөңүз, териңизге пайдалуу заттардын сиңимдүүлүгү 7 пайызга көтөрүлөт.

Кышында териге кам көрүү үчүн кеңештер:

– Эшикке чыкканда алгач колуңуз менен бетиңизди жаап алыңыз, тери температура алмашканына акырындан көнүшү керек.

– Керек болсо эң күчтүү суукта да бетти моюн орогуч менен жаппаңыз, анткени ал дем алгандан кийинки нымды кармап калып, беттин терисин үшүккө урдурат.

– Жылуу жайга киргенде дароо ысык жерге олтурбаш керек, өзгөчө кондиционер же ачык оттун жанына. Ал сууктан ансыз деле кургап калган териңизди ого бетер кургатат.

– 0дөн төмөнкү температурада бетке кургак косметикадан макияж жасаганча майлуу румяна, суюк подводка жана майлуу тень колдонгонуңуз жакшы. Көчөгө чыгардын алдында бетке үбөлөнмө упадан жука сүйкөп коюңуз.

Бөлүшүү:

Пикир

6 + сегиз =