Тарых тактасында: Өмүрбек датка жана Анжиян көтөрүлүшү

0

Каганат.

1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүнүн Ош аймагындагы жетекчиси болуп дайындалган Өмүрбек датка (Умарбек, Өмүрбек) Бекмурат уулунун көтөрүлүштөгү ордуна токтолуудан мурда анын өмүр-таржымалына учкай да болсо токтоло кетүү ашыкча болбос. Анткени кезегинде Кокон хандыгынын мезгилиндеги бир топ саясий окуяларга катышкан Түштүк кыргыздарынын мартабалууларынын бири болгон бул инсан жөнүндө тарыхый булактарда маалыматтар сейрек кездешкендиктен дээрлик изилдөөлөр болгон эмес. Кыргыз элинин оң канатына кирген баргы уруусунан чыккан Өмүрбек датканы Алимбек датканын иниси, 1876-жылдагы көтөрүлүштө Абдылдабектин жанында жүргөн Оморбекпи же башка инсанбы?- деген суроолор жаралып, натыйжада анын инсандык жүзү ачылбай келген. Маркум профессор К.Усөнбаев өз изилдөөлөрүндө Өмүрбек датканы Курманжан датканын жээни катарында сөзгө алган. Ошондон улам айрым эмгектерде ушундай көз караштар орун алып калган.

Оозеки жүзүндөгү даректүү маалыматтарда бул пикирдин төгүн экендиги аныкталды. Өмүрбек Алымбек датка менен бир жагы уруулаш гана болбостон экөө тең Тилеке бийдин урпагы болушкан. Экинчи тараптан кыргыз даткасы болгондуктан Кокон хандыгындагы ордо оюндарынан сыртта калган эмес. Ошондон улам Анжиян көтөрүлүшүндө абакка алынганда орус бийликтери тартып алган сүрөттө эмнегедир аны Анжиян көтөрүлүшүндөгү кыргыздардын башчысы Умарбек датка Алимов деп берген. Өмүрбектин качан, кимдин мезгилинде датка наамын алгандыгы белгисиз. Аталган инсан жөнүндө анын урпактары менен кездешкенибизде алар айрым даректүү маалыматтар менен катар Өмүрбек баргы уруусуна кирген Мырза деп аталган топтон чыккандыгын, Алай ханышасы Курманжан датка менен туугандык байланышынын болбогондугун белгилешти.

 Алардын айтуусунда Өмүрбек датканын теги атасы Бекмурат, чоң атасы Шүкүр, бабасы Сары токсобо, бубасы Тарыхчы, жотосу Черикчи, жетеси Тилеке бий.

Бабасы Сары токсобонун убагында баргынын мырзалары Алайды жердеп турушкан. Мырзалардын санжырасында Сары токсобо касиеттүү, олуя чалыш адам катары сүрөттөлүп 107 жашында көз жумгандыгы, керээзи боюнча сөөгү Сулайман тоосуна алынып келинип ардакталып коюлгандыгы жана ага арчадан сагана ( күмбөз – А.Э) үч айда курулуп бүткөндүгү айтылат.

Жогоруда аты аталган Черикчинин калмактардын Кыргыздардын түштүк аймагын басып алуу учурунда туткунга алынган кыргыздар менен кошо олжолонуп Кашкарга айдалып, ал жакта жүргөндө мергенчилик менен элди багып, калмактардын тайчисин таң калтырып кийин эли менен кошо өз мекенине кайтып келгендигин датканын урпактары айтып өтүштү. Тектүү кишилердин тукуму болгон Өмүрбек датка Кокон хандыгын Каратегин жергесиндеги наместниги да болуп турган. Санжыра тариздеги маалыматтар боюнча Өмүрбек датканын кыргыз, тажик, өзбек, уйгур улутундагы төрт аялы болгон. Биринчи кыргыз аялынан көпкө чейин перзент көрбөгөн датка Каратегинде турган кезинде ошол жердин шаасынын көрөр көз аялын олжолоп, тажик кызына үйлөнөт. Ал жакта бир жыл чамасында турган соң, жети айлык боюнда бар аялын ошол жердик кызматчылары менен Ноокатка алып келет.

Датканын каратегиндик аялына мырзалар урмат менен Шаайым деп кайрылышкан. Бирок бул жерде көпкө турбастан эле Шаайым өз жерине кайтып кетип, ошол жакта көз жарып эркек уулдуу болуп, атын Казыбек деп коет. Уулу тестиер болуп калган кезинде суук көздөн кооптонгон Шаайым аны Үч-Коргондогу туугандарына берип Ноокатык мырзаларга Казыбекти алып кеткиле деп кабар айттырат.

Кабар келээри менен Өмүрбек Каратегинден Шаайым менен кошо келген Мадраим деген кишини жиберип уулун алдырат. Тажик элинин арасында чоңоюп кыргызча тил билбей калган Казыбек үч ай дегенде тил үйрөнөт. Арадан жылдар өтүп 21 жашка толгондо Казыбек апасы Шаайымды Ноокатка алдырып келген.

Жогоруда белгилеп өткөндөй датка биринчи аялынан көпкө чейин перзент көрбөй жүргөндүктөн иниси, өрөөнгө байлыгы менен аты дайын болгон 9 уулдуу Атабек калпанын экинчи уулу Тажик мырзаны бала кылып алган. Ошондон кийин гана датка да кыргыз аялынан 8 перзент көрөт. Өмүрбек Алымбек датка менен 1847-жылдагы жети кожонун козголоңуна катышкан. Кытай баскынчылары козголоңду басып койгондо миңдеген качкындары менен Кожо төрө (Катта төрө болуусу керек) январь айында Терек-Даван аркылуу Алайга качып өтүшкөн. Сыягы ушул учурда ал уйгур кызына үйлөнгөн болуусу керек. Бүгүнкү күндө айтылуу датканын урпактары Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Ош шаарында Жалал-Абад областынын Сузак райондорунда жашап жатышкандыктарын Ноокаттын Баргы айылында турушкан датканын туугандары айтып беришти.

Өмүрбек датканын өмүр-таржымалы тууралуу санжыра таризинде болсо да бул маалыматтарга учкай да болсо токтоло кеттик. Эми баяныбыздын нугун бир аз өзгөртүп Өмүрбек датканын Анжиян окуясындагы ордун жана кийинки тагдырын баяндоого өтсөк. Элеттин таасирдүү адамы катары Өмүрбек датка иниси Атабек калпа менен биргеликте Мадали эшендин турагында өткөрүлгөн жыйындарга ызаат менен чакырылып катышып турушкан. Ошондой жыйындардын биринде Мадали эшен ага Ош, Ноокат тараптагы элеттиктерге көтөрүлүш учурунда жетекчилик кылууну тапшырган. Көтөрүлүш боюнча чакырыкка мөөр баскан таасирдүү12 кишинин арасында Өмүрбек датка да болгон. Алар:

  1. Молдо Ахмад Наиб молдо Мирза уулу.
  2. Баатыр Миңбашы Нармат уулу.
  3. Хаитбай токсобо.

4 Молдо Касым Амин. (аягында мөөрүкөрүнбөйт, Молдо Зия уулу болсо керек.)

  1. Орзикулбай паңсад.
  2. Мухаммад Иброхим токсобо, эки мөөр.
  3. Молдо Гайыпназар Артык уулу.
  4. Алибек датка.
  5. Гайыпхажи Мухаммад Мурат уулу.
  6. Сатыбай Мырза
  7. Зиевуддин Максум Мухаммад Шариф уулу.
  8. Өмүрбек датка.

Шартнаамада мөөр баскандардын кай жерден экендиктери, мансаптары көрсөтүлгөн. Умар датка (Өмүрбек датка-А.Э) – Оштон, Кокон хандыгынын мезгилинде ляшкарбашылык кылган деп берилген.

Көтөрүлүштүн планы боюнча Өмүрбек датканын тобу Ош шаарында жайгашкан аскер гарнизонуна кол салуусу керек болгон. Бирок Мадали эшендин капыстан эле Анжиянга жүрүштү баштап жиберүүсү көтөрүлүшчүлөрдүн бул тобунун Ошко кол салуусунун ишке ашпай калуусуна алып келген. 17-май күнү Ноокаттагы Ак-Терек мечитине 300 чамасындагы кыргыздар топтолушат. Аларда жарытылуу курал болбогондуктан ким колуна эмне урунса ошону менен чыксын деген тобокел менен Мадали эшен берип жиберген өлсө шейит болуунун белгиси болгон мисбактарды баш кийимдеринин алдына кыстарып алышып тобокелге бел байлашат. Көпчүлүгүнүн колунда айры, балта, чокмор, союл болгон. Ак-Терекке келе албаган кыргыздар менен кошулуу үчүн кийинки топтолуучу жер болуп Тамчы – Булак белгиленет.

Кечке жуук бул жерге биринчилерден болуп Кыр-Колдук жана Ак-Теректик кыргыздар жете келишет. Мында келгендердин көпчүлүгү Ак-Терекке барууга үлгүрбөгөн көтөрүлүштөн

кабары бар кыргыздар болушкан. Акырындык менен улам-улам чубалып келгендердин саны көбөйө берген. Бирок уез башчысынын келе жатканын кабарлаган Ташмат элүү башынын шашылыш кабары топтолгондорду дүрбөлөңгө түшүрүп, көпчүлүгү ар кайсы тарапты көздөй качууга түшүшөт. Ош уездинин башчысы Зайцевдин бул жакка келе жатканынын да себеби бар эле. Анткени Курманжан датканын тууганы Карабек Хасанов 17-май күнү саат бирде подполковник Зайцевдин алдына келип Мадали эшендин газават даярдап жаткандыгын арык аксакал, татар жигити Ибрагим Чанышевдин котормосунда кабарлаган.

Бул кабарды алган Зайцев өз кишилерин дароо эле Ноокат, Кыр-Кол болуштуктарына жиберет. «Ак шамда саат алтыда Карабек Хасанов кайрадан келип газават жөнүндөгү кеп-сөздөрдүн күчөп жаткандыгын, бул жөнүндө Өмүрбек датка эшенден кат алгандыгын билдирген». Көтөрүлүштөн Алай канышасынын кабары болгон. Бул тууралуу И.Ювачев «Курманжан датканын балдары көтөрүлүш жөнүндө билишкен, сыягы кандайдыр бир көрсөтмө да алган болуулары керек. Бирок акыркы минуталарда алардын өтө сак тууганы Карабек Ош уездинин начальнигине мусулмандардын даярдалып жаткан кол салуусун билдирип койгон»-деп жазган.

Ушундай кабарды Жапалактык Эшмухамбет Кувашбаев, Ак-Буура болушушун чоң аксакалы жана Жапалак,Төлөйкөн кыштактарынын аксакалдары да кабарлашкан. Кабардын анык экендигине ынанган Зайцев козголоңчуларды топтолгон жерлеринде кармоо үчүн алты миршаб жана Оштогу 40- батальондун төрт жоокери менен Ак-Терекке жетип барат. Ак-Терекке жетээри менен эле Зайцев Мадали эшен курдурган мечитти курчоого алат. Бирок бул жерде кишилер анча көп эмес болуучу. Болгону мечиттин имамы жана жыйырма чакты адам болгон. Анжиянга кол салуу болгондугун ушул жерде уккан уезд башчысы мечитти буздурууга болуш башчысына буйрук берип, мечиттеги жыйынга катышкан адамдарды кармап келүүнү тапшырат. Ошентип Фергананын башка уездеринде жүргүзүлгөн жазалоо жана камоо иштери Ош уезинде да кулач жаят. Эртеси күнү көтөрүлүштүн уюштуруучусу катары Өмүрбек датка, иниси Атабек калпа баш болгон бир топ адам камакка алынат. Айрым булактарда Өмүрбек датканын көтөрүлүш жөнүндөгүкабар орус бийликтерине билинип калгандыктан топтолгондорду тарап кетишсин деп бир адамдан кабар айттырып, өзү Тамчы-Булакка барбагандыгы айтылат.

«25-майга карата Ошто кармалгандардын саны 106 кишиге жеткен, алардын ичинен экөөсү эшендин ыйык согуш жөнүндөгүчакырыгына мөөр басышкан». Алардын бири Өмүрбек, экинчиси Атабек калпа болгон. 26-майга карата кармалгандардын саны Анжиян уездинде 96, Маргеланда 75, Ошто 109 кишиге жеткен. Көтөрүлүшкө катышкан деген жалаа менен кармалгандардын көптүгүнөн Фергандагы абакканалардын баары толуп кеткен. Буга карата 1898- жылдын 3-августундагы Түркстан генерал-губернаторунун отчетунда «Анжиянда, ошондой эле Ошто абакканалар тез эле толуп калган» – деген маалымат учурайт. Ошол күндөрү илимий экспедиция менен Ош шаарына келген орус саякатчысы Ю.Д.Головнина 23-июнда Оштогу абакканага атайын кармалгандарды көрүү үчүн киргендигин күндөлүгүндө мындайча эскерген:

«Бизге кармалгандарды жөн гана көрүп коюга гана эмес, аларды сүрөткө тартып алууга да уруксат берилди. «Анжияндыктар» тергөө камерасында башка туткундардан бөлөк олтурушкан. Көпчүлүгү кыргыздар, жүздөрүжагымсыз, көздөрү жерди тиктеген, колдорун ичине бүгүшкөн турпаттары менен өздөрү жөнүндө көп нерсени кабарлап тургансыйт. Бизге алардын арсынан өзгөчөлөнүп турган эки карыяны көрсөтүштү. Бири башкалардан айырмаланган карыя бизди араңдан зорго башын көтөрүп карамыш болду, ал эшендин эң ишмер жана фанат көмөктөшү экен. Экинчиси агарган сакалдары уйпаланган, көрүнүшү жүдөө тарткан карыя колго учурунда үңкүргө кирип алып кармоо үчүн келген үч жигитти сулатып, качан гана ага атмакчы болуп мылтык сундурганда гана колго алыныптыр. Ушул карыя бир дагы добуш чыгарбастан ачууланган солдаттардын жаалданып урушкан 200 балагына чыдаптыр.

Көтөрүлүшкө катышкан деген жалаа менен карапайым калкты аесуз жазалоолор качан гана падышадан камакка алууларды жана жазалоолорду кыскартуу жөнүндөгү көрсөтмөсү берилгенден кийин гана бир аз басаңдаган. Самарканд жана Фергана өрөөндөрүн текшерүү үчүн иш сапары менен келген жаңы жарым пааша Духовский туземдиктер менен жер жерлерде жолугушууларды уюштуруп жүрүп отуруп Ошко да келген. Бул жерде ал Алай ханышасы Курманжан датканы эки уулу менен бирге кабыл алып, бир аз сүйлөшкөндөн кийин аларга ардак халат тартуу кылып кайтарган. Анткени колониалдык бийликтерге уулу Камчыбектин өлүмү үчүн тымызын нааразы болуп калган Алай канышасынын көтөрүлүшкө аралашпай калуусу бийликтердин ага карата ишеничин дагы бир жолу бекемдеген. Оштогу аскер бөлүгүнө кол салуу үчүн топтолгон аламан топту өз убагында уез башчысы Зайцевге жеткиргендиги үчүн датканын тууганы Карабек Хасанов бийликтер тарабынан алтын медаль жана ардак халат менен сыйланып, өмүрүнүн аягына чейин ага жылына 300 рубльден пенсия бөлүнгөн.

Ошол кездеги изилдөөчү И. П. Ювачевдин жазганы боюнча Алайлык жана Гүлчөлүк кыргыздар Карабектин бул чыккынчылыгын ал өлгөндөн кийин да кечиришпей баласы болуш болом дегенде шайлабай коюшкан. 

Карабектин кабарынан кийин жазалоочу аскерлер тарабынан колго алынган Өмүрбек датка, Атабек калпа баштаган элеттиктер Ош шаарындагы бир кезде Камчыбек мейманкана үчүн курдурган кийин өзү биринчи камалган абакканага алып келинген. Бул жерде бир айдан ашуун мезгил ичинде тергөө иштери жүргүзүлгөн. Ош шаарындагы убактылуу аскер соту 13-июлда Ферганадагы баш аламандыктардын катышуучуларынын төртүнчү тайпасына кирген туземдик 106 кишинин ишин карап баарын асуу менен өлүм жазасына буюрган. Түркстан аскер округунун аскер бөлүктөрүбоюнча Ташкенттен чыккан №246- буйрукта соттун өкүмүчыккан. Өкүмдүн биринчи сабында Умар-Бек Датха Бек Муратов (Өмүрбек датка), Саттыбай Мулла Ракибиев, Мулла Токо Давлет Келдыев, Атабек Бек Хальфа Бекмуратов ( Атабек калпа), Тойто бий сыяктуу кишилердин ысымдары учурайт. Алар 1881-жылдагы Мамлекттик тартипти жана коомдук бейкуттукту сактоо боюнча иш-чаралар жөнүндөгү Жобонун негизинде кылмышкерлерди жазалоо жана түзөтүү боюнча Уложениенин 249 статьясы боюнча айыптуу деп табылган. Сот процессинин жүрүшүндө бардык сегиз тайпадагы өлүм жазасына тартылгандардын баары ушул статья менен айыпталышкан.

21-июлда Император өлүм жазасына тартылган 106 айыпкерге кечирим берген. Булардын ичинен көпчүлүгү түрдүү мөөнөттөрдө каторгалык иштерге жана сүргүнгө айдалышкан. Падыша жана жогорку кызмат адамдары көтөрүлүшчүлөрдүн тууган уруктарынын даттанууларына алгачкы мезгилдери анчейин көңүл бурушпай келишкен болсо, Ферганадагы абалдын турукташуусу менен жазалоолорду кыскартып өлүм жазаларын каторга иштери мене алмаштырышкан. Анткени колониалдык бийликтердин айрым билермандары белгилешкендей климаты катаал Сибирдин токой тилкелериндеги оор жумуштар деле өлүм жазасы менен бирдей болуучу.

8-июльда өлүм жазасына тартылган Атабек-Бай Бача Бабаджановдун энеси 90 жаштагы Биби Сарымсакова Анжиян шаарынан 63 жаштагы уулуна кечирим берип анын жазасын сүргүнгө айдоо менен алмаштырып берүү өтүнүчүн билдирип падышага телеграмма жөнөткөн. 22-июлда тезоимениство күнүнө карата ханыша айым Александрия Феодоровна кемпирдин өтүнүчүн канааттандырган. Жашы бир топко барып калган Өмүрбек датка бир өмүрлүк мөөнөттөгү сүргүнгө айдалган. Орус бийликтери орногондон кийин бир аз мезгил болуш болуп турган Өмүрбек датканын журту жазалоочу аскерлер тарабынан аесуз таланган. Ноокаттан анчалык эле эмес ыраакта жайланышкан Кадамжайда турган ошол кездеги көзү тирүү акын Молло Нияз жазалоолордон жапа чеккен элдин тагдырына кейип жазган ырында Өмүрбек датканын тобунда кармалган таанымал адамдарга да токтоло кеткен:

Голо темир коргошун,

Ок болгонго күйөмүн.

Зиябүдүн максымдар,

Жок болгонго күйөмүн.

Ханга качкан бечара,

Факырларга күйөмүн.

Март уулу карванда,

Балалары арманда,

Бакырларга күйөмүн.

Бейкүнөө бир кыл башыга,

Док болгонго күйөмүн.

Мамытаалы байбачча,

Байлыгы тайин Атабек,

Жок болгонго күйөмүн.

Өмүрбек журту атылып,

Кырылганга күйөмүн.

Бейпилдин журту абакка,

Жыйылганга күйөмүн.

Санатта айтылгандай Мадали эшендин көтөрүлүштүкапилеттен баштап жиберүүсү элдин башына чоң бүлүк салган. Мындай бүлүктөн Өмүрбек датканын туугандары да чоң зыянга учурашкан. Жашы бир топ улгайып калган Өмүрбек датканын кийинки тагдыры азырынча бизге белгисиз.

Датканын туугандары менен жолугушканыбызда алар айтылуу датканын сөөгү Кетмен-Төбөгө коюлгандыгын, өмүрүнүн акыркы көз ирмемдеринде анын жанында Ноокаттык уруулаштары кошо болушкандыктарын айтышты. Кандай болгон учурда да кезинде Кокон ордосундагы саясий окуяларга Алымбек датка менен үзөңгүлөш жүрүп катышып турган кыргыз элетинин таасирдүү инсаны айтылуу Өмүрбек датка тууралуу урпактарга жеткирүү биздин милдет.

Автор: Э.Авазов

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

19 − 4 =