Тарых тактасында: Кыргыз парламентинин алгачкы төрагасы – Иманалы Айдарбеков

Каганат.

 Аты-жөнү: Иманалы Айдарбеков

Туулган жана кайтыш болгон жылдары: (1894-1938)

Улуту: Кыргыз

Уруусу: Күнтуу

 Туулгандыгы тууралуу маалымат:

Пишпек уездинин Аламүдүн (азыркы Арчалы) айылында туулган. Солто элинин Күнтуу уруусундагы Сарбан тукумунан чыккан. Атасы Айдарбек  Күнтуу  болуштугунун манабы болгон.  

    Совет  доорундагы кыргыздын  мамлекеттик жана коомдук ишмери, алгачкы саясатчылардын катарында болгон. Туура алтымыш жыл мурун 1958-жылы 6-январда кыргыздын алгачкы жетекчилеринин бири Иманалы Айдарбеков акталган. Иманалы Айдарбеков Пишпек шаарын жетектеп, Кыргызстандын алгачкы жетекчиси жана кыргыз парламентинин алгачкы төрагасы болгон.  

 

Билими: Ал алгач айылдык молдодон кат тааныган. 1909-жылы  Бишкектеги айыл чарба техникумун бүтүргөн. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган.

 Өмүр жолу:

1918–1920 жылдары Бишкек уезддик-шаардык кеңеш аткомунун мүчөсү 

1920–1921 жылдары Каракол  уезддик ревкомунун мүчөсү.

1921–1923 жылдары Бишкек уезддик аткомунун төрагасы.

1924-жылы Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы.

1925–1926 жылдары Ташкенде  «Орто Азия» кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон.

1927–29-ж. Кыргыз АКСРнин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары болгон. 1930–31-ж. Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АКСР Юстиция эл комиссары, Кыргыз АКСРнин башкы сотунун төрагасы.

Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан.

Кара так:

37-жылкы репрессияга кабылып, 1938-жылы атууга өкүм кылынган. 1958-жылдын октябрь айында  СССРдин Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы Иманалы Айдарбековду толук актаган.1991-жылы сөөгү «Ата-Бейит»  көрүстөнүнө кайра коюлган.

Үй-бүлөсү: Жубайы Кичкен Айдарбекова «эл душманынын аялы» деген куугунтукка кабылып  жүрүп, 1948-жылы кайтыш болгон.  Иманалы Айдарбековдун бала-чакасы жалган жалаанын азабын көп тартып, 22 жаштагы улуу кызы киши колдуу болуп каза тапкан.

Кичүү кызы Рафа Айдарбекова, полковник, доцент,  медицина илимдеринин кандидаты,  республиканын эмгек сиӊирген дарыгери, кыргыз элинин аялдардан чыккан алгачкы аскер дарыгери катары белгилүү.

 Улуу бурулуш мезгилдин уулу:

 Иманалы Айдарбековдун  өмүр жолу улут маңдайына улуу бурулуш тагдыры жазылган кезге туш келди. Иманалы Айдарбеков  өз мезгилинин мыкты уулдарынын бири болгон. Октябрь революциясына чейин эле сабаты ачылган, орус тилинде да мыкты жаза билген саналуу кыргыздардын катарында болгон.

Ал бүлүнгөн журтту жыйноо, арыган калкты асыроо, талаш аймактарды кайтарып алуу милдеттери жүктөлгөн татаал учурда жан аябай эмгек кылган. Иманалы Айдарбеков кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы иштердин башында турган.   

Тарыхый тактамадан:

 1924­-жылы 14-октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдын курамында Кара-­Кыргыз  автономия  облусун  түзүү жөнүндө  чечим  кабыл алган. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери, Олуя-­Ата  уездинин  Талас өрөөнүндөгү  болуштуктары, ошондой эле Анжиян,  Кокон,  Наманган уезддеринин  Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары  кирген. Ошол жылы облустун калкынын саны 737 миң болуп, анын 63,5 пайызы  кыргыз, 16,8 пайызы орус, 15,4 пайызы өзбек, 4,5 пайызы башка улуттар болгон.

Облустун убактылуу мамлекеттик башкаруу органы революциялык комитет деп аталган. 1924­-жылы 21­-октябрда Кара-­Кыргыз  автономиялуу облусунун Ревкомунун курамы бекитилип, ал 12-­ноябрда ишке киришкен. Ал комитет автономиялуу облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп, 1925­-жылдын мартына чейин иштеген. 

Ревкомдун 1-­төрагасы, башкача айтканда, Кара­-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи ­өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков, жооптуу катчылыгына Ибрай Тойчинов, облустук партиялык уюмдун биринчи катчылыгына М.Каменский, жооптуу катчылыгына Ж. Абдрахманов, катчылыгына Ж. Саадаев дайындалган. Облустун убактылуу борбору Ташкент болгон. Борбор 1924­-жылы  декабрдын аягында  Пишпекке көчүрүлгөн. 

Эл эмгектен эскерсин:

2014-жылы Иманалы Айдарбековдун 130 жылдыгы белгиленип, мамлекеттик ишмерге Бишкек шаарында эстелик тургузулган.   Өзү тулуп-өскөн Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы орто мектеп анын атын алып жүрөт. «Иманалы Айдарбеков» атындагы фонд негизделген. Зайнидин Курмановдун авторлугу менен «Биринчи» деген аталыштагы китеп жарык көргөн.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

6 + 14 =