Кеп Бабановдо эмес…Кыргыз тилчилеринин аргасыз абалын пайдаланган бийликте…

 Каганат.

 «Шумдуктуунун төөсү жорго» деген сөздүн калети жок. Кыргыз бийлиги кыргыздарды жана кыргызстандыктарды каалагандай калчап, укук тармагын каалагандай «камчылап», өздөрүнө ылайыктаганды адатка айландырышты. Улуттук коопсуздук кызматы коопсуздукту унутуп, саясатчылардын «оозун тиктеп» оокат кылганга өттү. Аларга «кыргыз тил илимин алдыга жылдырат» деп карапайым калк үмүттөнгөн аттуу-баштуу тилчи-окумуштуулар жардамчы болуп, УКМК  каалаган экспертизаны чыгарууга кам уруп, калыстыктан тайышты. Кайда баратабыз?

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтылуу «сасык» сөзүнө укуктук баа берүү унуткарылып, жада калса тилчилер баа берүүдөн тайсалдап, ар кайсы жоопту айтып келишкен. Тактап айтканда, соттук суроо-талабына «Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтундагы филологиялык-саясий экспертиза жүргүзгөн адистер Юстиция министрлигинин алдында ачылган “Соттук-лингвистикалык бөлүмгө” которулуп кетишкен. Ошондуктан филологиялык-саясий экспертиза жүргүзүүчү адис Институтта жок» деген илеӊ-салаӊ жоопту беришип, эми айлалары кетип отурат.   

Ал эми бул жагдай башкаларга келгенде таптакыр башкача болууда. Башкы прокуратура 4-ноябрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин  297-беренесинин биринчи бөлүгү (“Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу”), 299-берененин биринчи бөлүгү (“Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу”) боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабанов өзү Он-Адырдагы сөзү тууралуу тасманы “монтаждалган жалган жалаа” деп билдирген.

Учурда анын сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөлөрү УКМКга чакырылууда. Топтун  жетекчиси  Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун директору, доктор Үмүт Култаева иштеп жаткан жумушунан алынды.  Анткени, жумушчу топ лингвистикалык, политологиялык, социологиялык жана юридикалык экспертиза жүргүзүп, Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сөздөрүндө “улут аралык кастыкка чакырык болгон эмес” деген тыянакка келишкен. Андан көп өтпөй эле Үмүт Култаева ишинен ажырап отурат.  

– 25-декабрда Канат Жалилович (Садыков) мени кабинетине чакырып, Бабановго байланыштуу адистер тобунда болгонумду кызыгып сурап, бул мамлекеттик саясатка каршы келерин айтты. Мен өз кезегинде мамлекетке каршы эч кандай иш кылбаганымды, бул топто өз пикиримди билдиргенимди айттым. Бирок ректор сүйлөшүүдөн кийин менин эмгек келишимимди узартуу кыйын болуп калганын билдирди. 8-январда мени канцелярияга чакырып, жумуштан бошотуу тууралуу буйрукту көрсөтүштү-дейт тилчи.

    Ал эми Улуттук университеттин жетекчилиги боло жүргөӊдөй эле Култаеванын пикирин четке кагып, бул маселеге саясый боёк берүү туура эмес экенин айтып актануунун үстүндө. Адистер тобунун дагы бир мүчөсү, эксперт Бурул Усманалиева жана башкалар дагы  УКМКга чакырылган. Бул окуя коомчулукта катуу талкуу жаратып «күн тийген жердин күкүгүндөй болгон» укук коргоочу Турсунбек Акун тетири сүйлөп, калганы калыстыгын айтууда.  

  Эӊ эле өкүнүчтүүсү, кыргыз бийлигинин мындай ыплас аракеттерине кыргыздын окумуштуу-тилчилеринин кошо каралышып жатышы. Буга байланыштуу айрым тилчилер филология илиминин докторлору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти академик Абдылдажан Акматалиевге, БГУнун ректору Абдылда Мусаевге, КУУнун ректору Канат Садыковго, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин тил институтунун директору Сыртбай Мусаевге, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Назаркул Ишекеевге ачык кат менен кайрылышты.  Алардын пикиринде « кеп Бабановдо эмес, маселе кыргыз тилине, филолог, доктор-профессорлорго келип такалганында» болууда.

Бул абал канчага уланат? Саясый кастык, тирешүүлөргө эми кыргыз тилин жана окумуштууларды аралаштырабызбы? Эптеп айлыктын көзүн карап жашаган тилчи-окумуштууларды жер карама, кесипкөйлүктөн четтеген адамдардын армиясына айландырабызбы? Уят болуш керек го акыры…

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

2 билдирүү

  1. Фарида 27 Январь, 2018 at 14:40 Жооп берүү

    Саясятты ото тушунбойм, бирок кытай тилчи катары Култаева эженин Конфуции институна салган салымы чон экенин билем. Эже озунун журум-туруму менен жана билими менен, кыргыз тилчи катары Кытай Эл Республикасында белгилуу инсан. Мисалы айтсам мени менен окууган кытайлык кыргыздар эженин китептерин талашып издеп, билим алышчу. Ал эми эженин жетекчилигинин негизинде кыргыз-кытай тили боюнча 40 тан ашуун мектептер жана жогорку окуу жайлар учун китеп куралдарын Бейжиндеги коргозмолдордон коруп биз кыргызстандыктар дайым сыймыктанабыз. Култаева устаттка мындай мамиле кылган КНУ жетекчилиги кишини абдан тан калдырат. Бир жыл мурун так эле ушул окуя болгон. анда Умут эже сот аркылуу чыдыкты таппакан. Ал эми азыр кайра эле Култаева эжени кетирип, сот аркылуу келишими жокко чыгарылган кишини директор кылгандары такыр тушунксуз.

  2. Аноним 27 Январь, 2018 at 17:50 Жооп берүү

    КНУнун жетекчилиги бул ишке саясий боёк берүүнүн кереги жок дептир. Андай болсо эмне өзү саясаттан коркуп жумуштан алат. Саясатташтырып жаткан ректор турбайбы. 8-январда буйрук чыкса, бул маселе капысынан чечилгени түшүнүктүү болуп турбайбы. Эгер эмгек келиши бүтсө ага чейин баары чечилиш керек болчу. Мектеп окуучусуна деле түшүнүктүү бул абал.

Пикир

11 − бир =