Максим Корсаков: “Мен Садыр Жапаровду түрмөдөн эмес, саясаттан көргүм келет”

Каганат.

Канададагы жазуучу  Максим Корсаков Сооронбай Жээнбековдон Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарууну өтүнөт

“Кумтөрдөгү” мыйзам бузууларга каршы чыгып, күнөөсү далилденбесе дагы 11,5 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимде камакка алынган Садыр Жапаровдун адилетсиздикке кабылганына  кайдыгер карабагандар четтен чыгат экен. Айтайын дегеним, паспорту боюнча Канаданын атуулу, теги Кыргызстандык  жазуучу Максим Корсаков (Михаил Бубель)   АКШнын президенти Дональд Трампка, БУУнун генералдык секретары Антонио Гутеррешке жана Кыргыз Республикасынын президенти  Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

-Урматтуу кыргызстандыктар мен кичи мекеним боюнча сиздер менен жердешмин. Менин балалыгым жана жаштык кезим Жалал-Абадда өткөн. Жалал-Абаддагы №1 мектепти күмүш медаль менен аяктап,  Фрунзе политехникалык институттан билим алып, инженер-куруучулук кесипке ээ болгом. Кыргызстанда жашаган 34 жылда бейиштей болгон  Кыргызстандын баарын кыдырып чыккам. Бир сөз менен айтканда туулуп өскөн жерге болгон кусалык мени чыгармаларды жазууга түрткү берип, жазуучу болууга шык берген.

 Жакында мага Кыргызстандан белгилүү саясатчы Садыр Жапаров түрмөдө деген маалымат келип түштү. Мен бул кабарды уккандан кийин кайдыгер боло алган жокмун. Себеби мен да убагында жалган жалаа менен Торонтодогу “Дон Жэйл” деген түрмөдө жаткам. Ал адилетсиздиктин курмандыгы болгон үчүн эки мамлекеттин  президентине  жана БУУга кайрылуу жасайын деген  чечимге келдим.

Мен Садыр Жапаровдун сотунун маңызын чечмелебей эле коёюн , аны баарыңыздар менден жакшы билесиздер. Бирок мен бир нерсени жакшы билем, Садыр Жапаровго коюлган күнөө анан саясий каршылаштарынын жалаасы!  Ошондуктан биз Садыр экөөбүз “бир тууганбыз”, биз жалган арызчынын курмандыгыбыз-деди Максим Корсаков

Жазуучу Садыр Жапаровду жакындан жакшы таанып билбесе да, аны эл камын ойлогон саясатчы экенине ишенерин айтат. Ал Жапаровду абактан эмес кыргыз саясаттынан көргүсү келерин жашырбайт.

-Мен аны жакшы билбесем да, көптөн бери Садыр Жапаровдун саясий ишмердүүлүгүнө көз салып жүрөм. Анын айткандары, көтөргөн маселелери, идеялары анын патриоттук духун көрсөтүп турат. Жакында эле соцсеттерде Садыр Жапаров жылдын мыкты саясатчысы деп таанылды. Бул нерсе Кыргызстандын эли анын ак экендигине ишенгендигин далилдеп турат.

Мен Садыр Жапаровду түрмөдөн эмес, саясаттан көргүм келет, ошондо ал элге  көп пайда алып келмек. Мен анын өздүгүн изилдеп көрүп, ал сатылбаган, чынчыл, ар намыстуу, Кыргызстандын өсүп, өнүгүшүн ойлогон жан экендигине көзүм жетти-деди Максим Корсаков

Ошондой эле Корсаков соттор Садыр Жапаровду актарынан үмүттү чоң экенин да жашырган эмес. Ал президент Жээнбековдон да Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышына чоң салым кошушун суранат.  

-Менин жогоруда айткандарымдын негизинде, Кыргызстандын  соту Садыр Жапаровду жакын арада актайт деген үмүтүм чоң.

Улуу урматтуу президент Сооронбай Шарипович көпчүлүк эле өлкөлөрдүн соттору катачылык кетиришет, тилекке каршы бул чындык.

Мен азыр сиздин президенттик шайлоодо утуп чыгышыңыз менен Кыргызстандын элдеринин тагдырында жаңы эпоха орнойт деп ишенем: акыйкаттуулуктун жана жакшылыктын доору.

Менин петицияма көңүл буруп коюшуңузду көптөн көп суранам жана Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышына салым кошушуңузду суранам-деп жазылат кайрылууда.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

18 + он тогуз =