Мас абалында көчөдө селсаяктарды коркуткан милиция кызматкери иштен алынды (видео)

Каганат.

Мас абалында көчөдө селсаяктарды коркутуп жаткан милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка таянсак, иштен алынган милиция кызматкери Бишкек шаарындагы Биринчи Май районуна караштуу мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын өкүлү экени аныкталган.

Окуя 2017-жылы 29-декабрда Бишкек шаарынын Абдырахманов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

-Бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада 26-январда Биринчи Май РИИБинин старшинасы Т.А. кызматтан алынды. Жетекчилери дагы тартип жазасына кириптер болду. Ошондой эле мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын бардык бөлүгүнө атайын буйрук жиберилип, мындан ары ушундай кемчиликтер катталса катуу чаралар көрүлө турганы эскертилди деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 26-январда социалдык тармактын колдонуучулары жолдон өтүп бараткан жарандарды суракка алып, түкүрүп, сөгүп-сагып жаткан милиция кызматкеринин видеосун жарыялашкан.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × төрт =