Үшүдүңүзбү? Ысык чай ичип алыңыз!

Каганат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Бишкекте убактылуу жылынуу пункттарына кайрылган адамдардын саны 29-январь күнү кечки саат 18:00гө карата 2 миң 96 адамга жетти.  

Маалымдалгандай, убактылуу пункттар – жылыткычтар, ысык чай менен камсыздалган.

Ал эми муниципалдык кызматтардын кызматкерлери пенсия курагында жалгыз жашаган 646 адамдын абалын көрүп чыгып, аларга ысык тамак, керектүү азык-түлүктөрдү жеткиришти. Айрымдарынын үйлөрү муздак болгондуктан Күрөңкеев көчөсүндө жайгашкан Геронтологиялык “Ардагер” борборуна 42 адам жеткирилди.

  Андан тышкары, ысык тамак берүү каралган түйүндөр дагы бар. Кандайдыр бир суроолор же маселелер жаралса, тургундар «185» жана «1840» кыска номурларына кайрыла алат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × төрт =