Кайрылуу: Саясий туткундар А.Сегизбаевдин кызматтан бошотууну талап кылат

Каганат.

“Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп айып менен камакта  жаткан саясатчылар Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнест Карыбеков жалпы кыргыз журтчулугуна жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.

Анда өзүлөрүн саясий туткундар деп атаган саясатчылар, өлкөбүздө мыйзам жолу менен шайлоо өтүп, өлкө башчысы алмашса да, өлкөдө саясий кризис күчөп, саясий чыңалуу коом чыдагыс деңгээлге жетип калганын билдиришет. Буга оппозицияга болгон кысым, массалык камап коркутуулар, коррупциянын гүлдөп өсүшү, кылмыш дүйнөсү менен бийликтин журулушуп кетүүсү себеп болду деп жазылат кайрылууда. Абактагы саясатчылар дагы бир мисал катары «Белизгейт» чуусун аташат.

-Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары, сөзүбүз куру болбош үчүн бир мисал келтире кетели. Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети кабыл алган, «Белизгейт» маселеси боюнча, далилдүү фактлар табылбаса 2017-жылдын 1-августка чейин УКМКнын төрагасы А. Сегизбаевдин кызматтан кетирүү жөнүндө сиздердин чечимиңиздер бар.

Бул маселе боюнча экс-президенттин да далилдей албаса УКМКнын төрагасы жооп берет деген эл алдында сөзү бар-деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле алар соттор Сегизбаевдин «чөнтөк» сотторуна айланып калганын айтышат.

-Бизди саясий туткундарды да эч далилсиз эле соттоп жатат жана сот системасы А.Сегизбаевдин чөнтөк сотуна айланып калганын биз далилдеп бере алабыз.

Ошондуктан биз саясий туткундар Б.Асанов, Э. Карыбеков, К.Кадыров А. Сегизбаевдин кызматтан бошотулушун талап кылабыз-деп жазылат кайрылууда.

Кайрылууда аты аталган УКМКнын төрагасы А. Сегизбаев буга чейин президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын улуттук коопсуздукка тобокелдерди болжолдоо жана анализдөө кызматынын башчысы болуп эмгектенип келген 44 жаштагы Абдил Сегизбаев 2015-жылдан бери бул мекемени башкарып келе жатат.

Айрым серепчилер УКМК башчылыгына Абдил Сегизбаев келгенден кийин “бийликти кулатууга аракет кылган” деген шек менен жана коррупцияга айыпталып, бир катар саясатчылардын камалганын айтып келишет. Алардын айрымдары соттолуп, учурда жаза мөөнөттөрүн өтөп жатат.

Ошондой эле Абдил Сегизбаевдин аты жогоруда айтылгандай чуулгандуу “Белгизгейт” жаңжалы менен да байланыштуу.

“Белизгейт” жаңжалы 2016-жылы ноябрь айында чыккан эле. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, аталган фракция мүчөлөрү Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов мындан төрт жыл мурун “Альфа Телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

“Ата Мекендин” депутаттары атайын кызматтын бул маалыматтарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагышкан.

Бул иштин бети ачылып, такталбаса Абдил Сегизбаев иштен кете турганын буга чейин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев да айткан болчу. Бирок “Белизгейт” маселеси бийлик тарабынан ошол бойдон кайра көтөрүлө элек.

 Эске салсак,  2016-жылдын  12-мартында УКМКнын тергөө башкармалыгы бийликти күчкө салып басып алууга даярдоо фактысы боюнча топтолгон материалдардын негизинде

К.Кадыровго, Б.Асановго жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон.

24-мартта Кадыров менен Асанов УКМКга жеткирилген жана тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, көрсөтүлгөн адамдар КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин тартибинде шектелүүчү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 21-мартта интернетте Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев менен Бектур Асановдун бийликти басып алуу боюнча сүйлөшкөн делген видеосу тараган. Анда алар бийликти басып алуунун жолдорун жана акчаны бөлүштүрүүнү талкуулашкан. Бирок оппозиция өкүлдөрү аталган видео монтаж экенин билдиришкен.

26-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 27- жана 295-беренелерине ылайык айыптоо көрсөтүлүп, кармалгандар 2 ай камакка алынуусу жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Ал эми  Биринчи Май райондук соту ишти 7-майда караган. “Сот иши жабык түрүндө өтүп, эч ким киргизилген эмес.

Жыйынтыгында  Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде  “бийликти күч менен басып алууга умтулган ” деген негизде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар  райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанышкан.  Алардын арызын Бишкек шаардык соту териштирип жатат. Бирок соттолуучулар жана алардын жакындары, айрым активисттер жараян “калыс өтпөй жатат” деп айтып келишет.

Акыркы териштирүү 24-январда болуп, ишти караган судья Адис Момуналиев УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси Максат Эсенбаевди сотко чакыруу жөнүндө айыпталып жаткандардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Булак: Каганат.

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

5 − беш =