Кыйратып кеткен» кытайлык компания…  386 миллион доллар 20 жылга насыяга алынган

Каганат.

 Кыйратып кеткен» кытайлык компания… 

Ушундай дагы кокуй болот экен. Кыргыз бийлиги кытайлык TBEA деген компаниясынын жетегине кирип, жыйырма жылга кредит алып, элдин убалына калды. Буга ким жооп берет?

Карап отурсак, Бишкек ТЭЦти $386 млн  долларга реконструкциялоонун келишиминин так эсеп-кысабы менен  сметасы дегеле болбоптур.  Эсеп палатасы «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун  2015-жылдагы ишмердигин   «казып» чыгып ачыктады. Мамлекеттин кепилдиги менен Кытайдын Эксимбанкынан алынган өтө чоӊ көлөмдөгү кредиттин долбоору дүйнөлүк баага  жана Кытайдын TBEA деген энергетика курулуш боюнча компаниясынын сунуштарына гана негизделиптир.

ТЭЦти модернизациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан эмес. Буга «Электр  станциялар» ачык акционердик коомунда каражаттын жоктугу шылтоо болгон. Реконструкциялоонун долбоору Эсеп палатасы атын атабаган төрт фирма тарабынан ишке ашкан.

Анын үчөө болуп жүргөндөй эле долбоордун болжолдуу баасын көрсөткөн.  ТЭЦти ремонттого ниеттенген компаниялардын арасында  кытайлык China Machinery Engineering Corporation (CMEC)  менен россиялык  «КОТЭС» жабык акционердик коому дагы болгон. Тактап айтканда, кыргыз чиновниктеринин «жегич» экенин билген тараптардын бары кызыккан.

Заказды боло жүргөндөй эле кытайлык TBEA компаниясы алган, анткени кыргыз чиновниктери кытайлыктар менен иш кылбаса «баштары ооруйт». Алар ТЭЦти модернизациялоонун техникалык-экономикалык негиздемесин сунуштабаганы менен кытайлык компаниялардын бири менен келишим түзүп, Кытайдын  Экспорттук-импорттук банкынан кредит алууну сунуштаган.  

  TBEA өзүнүн келишимин ишке ашыруу үчүн Өкмөттүк деӊгээлде буга чейин кытайлык компаниялардын кызыкчылыгын коргоп келген Кытайдын Бишкектеги элчисинин соода-экономикалык байланыштар боюнча кеӊешчисинин кызматынан пайдаланган.  Жыйынтыгында  «Электр станциялар» ишканасы Өкмөт дайындап жана отун-энергетика жана өнөр жай министрлигинин жактырып берген TBEA менен келишим түзгөн . Ошентип, колдорунда бир дагы долбоордун ишенимдүү негиздемелери жок туруп,  $386 млн доллар карыз алуу боюнча чечим кабыл алышкан.   

  TBEA олчойгон каражат эмнеге жумшалат деп көрсөткөнүн карап көрөлү: 

жабдуу жана материалдарга – $164.6 млн

 курулуш иштеринин чыгымдарына – $66.7 млн

Монтаж жана башкага – $64.2 млн

 Башка чыгымдар $63 млн, анын ичинде административдик иштерге- $19.2 млн

Көзөмөл иштерине  – $7.4 млн

Персонал жана техникалык механизмдерди ташууга- $12.4 млн

Түтүк системарына  – $8.1 млн

 Бузуу иштерине – $18.3 млн

 Жабдуулардын  калган бөлүктөрүнүн иштерин жыйынтыктоону камсыз кылууга – $9.1 млн.

Ооз көптүргөн» Осмонбек Артыкбаев… 20 жылга кредит алган бийлик менен  куураган эл…

 ТЭЦтин ремонтун жүргүзүү иштери «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамды бузуу менен жүргүзүлгөн. «Электрстанциялар» ишканасы аталган мыйзамга ылайык жок дегенде тендер жарыялашы керек эле. Мунун ордуна «Электрстанциялар»  2013-жылдын 1-февралында  TBEA  менен кызматташуу тууралуу кол коюп, 11-сентябрда Эксимбанктан кредит алган. TBEAны юститция министрлиги дагы «канатына калкалап», «Электрэнергетика жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, компетенттүү мамлекеттик органдар энергообьекттердин курулуш иштерине контракттык келишимдерди түзүүгө боло турганы боюнча кеӊеш беришкен. Эки мыйзамдын бири-бирине каршы келе турганын ойлоп дагы коюшкан эмес.

    Тиешелүү негизги документтер мындай болуп жаткандан кийин калганын карап отурушмак беле? ТЭЦтин капиталдык ремонт иштеринин тишелүү актылары көз өлчөм менен  жүргүзүлгөн.  2015-жылы тиешелүү иш-кагаздары толтурулбай туруп,  211.1 млн сомдук ремонт иштери кабыл алынган. Ошентип, ооз толтуруп айткан ТЭЦти модернизациялоо иштери быйылкы жылы акырына чыгып, 30-августта президенттин катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылган.  

   Кыргызстан  386 миллион $ долларды 11 жыл процентин төлөгөн  жеӊилдик менен 20 жылга кредитке алып, жылдык пайыздык ставка 2% түзөт.  Карызды өлкө 2033-жылы төлөп бүтүшү керек. Ал эми ТЭЦтин кызмат кылуу мөөнөтү деле андан ашпай отуз жылга барат экен. Айта кетүүчү жагдай, ТЭЦ 2013-жылдан   Евразиялык өнүктүрүү банкында дагы (ЕАБР)  күрөөдө турган. Аны Бишкек жана Оштогу жылуулук электр борборлоруна деген отун үчүн коюшкан. ТЭЦти модернизациялоого кол койгон ошол кездеги министр (учурда депутат) Осмонбек Артыкбаев «биз жаӊы жылуулук борборун куруп жатабыз» деп ооз көптүргөн. Башкача айтканда, элдин убалына калган ТЭЦтинн окуясынын башында  Осмонбек Артыкбаев баш болуп турат.  Жыйынтыгын эми карапайым калк көрүп жатат.

      Бул аралыкта коӊшу өлкөлөрдө абал кандай?

Өткөн жылы Ереванда италиялык Renco компаниясы менен   $285 миллионго жаӊы блоктун курулушуна капсула  салынды кол коюлду. Курулуш иштери бир жарым жылда аяктайт. Ошол эле  ТВЕА Дүйшөмбүгө эки ТЭЦ куруп, баасы  $349 миллион долларды түзүп, мамлекет $17,4 миллионду өзү кошкон. Бирок, бул ТЭЦтерди аталган өлкөнүн энергетика жана өндүрүш министрлиги жактырып кабыл алганы менен экологдор каршы чыгууда .   

   Фергана ТЭЦтин япондордун Kawasaki Heavy Industries и Marubeni Utilite Services компаниясы  жаӊылап, каражат 83,6 миллион $ долларга гана турду. Акчанын жарымын  энергетика жана өндүрүштүк технологияларды өнүктүрүү боюнча япониялык  (NEDO) уюму,   49,5 миллион $ долларды Өзбекстан өзү мойнуна алган. Наманган облусундагы  Туракурган электрстанциясын атактуу  Mitsubishi куруп, ага түрктөрдүн  Calik Enerji Sanayi ve Ticaret AS компаниясы өнөктөш болду. 

1,1 миллиард $ доллар каражаттын   704 миллион $ долларын  эл аралык кызматташтык боюнча япониялык (JICA) уюму көтөрүп берип, ал эми Өзбекстан 300 миллион $ дооларын өзү мойнуна алган.

 Көрүнүп тургандай, коӊшулар гранттын эсебинен, арзаныраак, Италия, Турция, Япония сыяктуу өлкөлөр менен жылуулук системасын калыбына келтирүүдө. Ал эми Кыргызстан Кытайдан 20 жылга кредит алып, аны Кытайдын TBEA сыяктуу компниясына алдатып, чиновниктер акчаны кошо жеп, элдин убалына калып отурат.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

16 − сегиз =