Кыргыздар иш таппай тентип жүрөт…ТЭЦте 200 кытай иштейт…

Каганат.

Бишкек ТЭЦиндеги абал бир топ «былыктын» башын ачты. Буга чейин, башкалар гранттын эсебинен жылуулук тармактарын калыбына келтирип жатса, биз Кытайдан кредит алып, кытайлык компанияга оӊдотуп жатканыбыз белгилүү болбоду беле?

Көрсө, кыргыздар иш таппай тентип жүрсө, Бишкек ТЭЦинде учурда 200 кытай жараны иштейт экен. Болгондо дагы келишимдин   негизинде иштеп,    канча айлык аларын керек болсо ТЭЦтин жетекчилери дагы билбейт экен.  

 ТЭЦтин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу ЖКда какап-чакап “ТЭЦтеги кытай жарандары имаратты модернизациялоо үчүн атайын 1500 кишиге ылайыктап курулган шаарчада турушат. Бул иштер УКМК менен биргеликте жүрөт. Ал эми алардын жарыкка, сууга кеткен чыгымдарын ТЭЦ төлөп берет”, — дейт. Демек, бул чуулгандуу ишти УКМК баш болуп билип, унчукпай келген турбайбы?

Ал эми  депутат Руслан Казакбаев ТЭЦте иштеп жаткан 20 кытай тургунунун айлыгы 8300 доллар экенин айтып, эки жыл ичинде бул сумма 3 миллион долларга жетерин айтса,  ТЭЦтин өкүлү бул суммага бир гана айлык-акы кирбестен, жабдуулардын да баасы кошулганын айтып актанды.

Ошентип кытайлар кыргыз бийлигин «башка чаап», Кытайдын Эксимбанкынан кредит алып берип, ишти кытайлык компания эптеп бүтүрүп, керек болсо, кытай жарандарын иш менен камсыз кылыптыр. Же болбосо, кыргыздардын «өздөрүнүн этин өздөрүнүн майына кууруп жегизип» койгон турбайбы?

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 3 =