Бир жумада ажылыкка 2 миңден ашык адам катталды

Каганат.

Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, бир жумада ажылыкка 2 миңден ашык адам катталды.

 Маалым болгондой, ага караганда, 23-январдан бери электрондук кезекке 2 миң 150 жаран турду. Каттоо 1 айга созулуп, 23-февралда соңуна чыгат.

Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 640 кошумча орун берип, натыйжада квота 5 миң 400дү түзгөн.

Ажылыкка каттоо биометрикалык паспорттордун негизинде гана жүрүүдө.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × төрт =