«Дөө» деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов кайра камалды

Каганат.

ЖАМК басма сөз кызматы билдиргендей, «Дөө» деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов кайра камалды.

Маалым болгондой,  ал бүгүн, 1-февралда Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү абагына жеткирилди. Бул тууралуу ЖАМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Жогорку Сот Ленин райондук сотунун Чыңгыз Жумагуловду бошоткон чечимин жокко чыгарган.

Ал дагы 2 жыл 7 ай жаза мөөнөтүн өтөйт.

Эске салсак, 2018-жылдын 16-январында Бишкектин Ленин райондук соту Ч.Жумагуловду бошотуу тууралуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ал 17-февралда абактан бошотулган болчу.

1981-жылы туулган Чыңгыз Жумагулов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары белгилүү.

Ал Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкуловдун чечими менен 2016-жылы А.Д. аттуу жаранга кол салууга айыптуу деп табылып, 18 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 5 =