Кылым «кылмышы»… Кыргызстанды кыйраткан кытай компаниялары

Каганат.

Кыргызстан эчак эле «Кытайдын провинциясына» айланганбы?

Бир жумага созулган суук кыргыз бийлигинин «беткабын» ачып салды.  Иштегендей түр көрсөтүп келген кыргыз чиновниктеринин четинен коррупционер экени ого бетер белгилүү болду. Муну менен катар Кыргызстан эчак эле «Кытайдын провинциясына»  айланып, өлкөдө сандаган кытайлар менен кошо жээндер арбып жатканы ачыкка чыгууда. Жээндерге өзүнчө токтолууга тура келет, ал эми бүгүн кантип «Кытайдын провинциясына» айланып баратканыбызга токтололу.

 Кыргызстан үчүн Кытай негизги экономикалык өнөктөш мамлекет дегенибиз менен Алмазбек Атамбаевге чейинки президенттер эки –өлкөнүн алакасына абайлап мамиле кылышчу. Алмазбек Атамбаев келгени айрыкча акыркы эки жылда Кытайсыз күнүбүз өтпөй калды. Бишкек ТЭЦин курган кытайлыктардын «кылыгынан» кийин Алмазбек Атамбаевдин мезгилинен бери Кыргызстан «Кытайдын провинциясына» айланып кеткени ого бетер ачыкка чыкты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2016-жылы 1 млрд. 800 млн. долларга жетип, Россияны артта калтырып, Кытай 2012-2014-жылдар аралыгында Кыргызстанга 650 млн. юань грант берген. Андан тышкары Кыргызстан “Датка-Кемин” электр линиясынын курулушуна, Бишкек ТЭЦинин жаңылоо иштерине, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушуна жана башка ири долбоорлорго ири суммада кредит алып, сарамжалдуулуктун жогунан бүгүн маселе көп. Биз тизмектеген жагдайлар расмий жылмаланган маалыматтар, ал эми «ичине үӊүлсөк» ары жагында «ит өлүп» жатыптыр.

Эмнегедир кытайлардын таасири Дача СУга кулаган жүктүн ээси табылбай калгандан бери айрыкча арбыды. Эске салсак, каргашалуу жүк Кытайдын Гонконг шаарынан телефон жана планшеттерден турган 85 тонна жүктү алып келе жаткан. Бул фактыны дагы эске алып койгонубуз оӊ.

Акыркы алты жылда Бишкек-Нарын-Торугарт жана Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдорун салып жаткан  кытайлык “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн”  компаниясы келгени ызы-чуу басылбайт. Кызыгы жол жана көпүрөлөрдү курууга адистешкен бул компания Кыргызстандагы кытайлык компаниялар аралашкан ар бир чырда «башы кылтыят».

Аварияга туш болгон Бишкектин ТЭЦин кытайлык TBEA компаниясы ишке ашыргандыгы белгилүү болду. ТЭЦти модернизациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси жок компанияга кыргыз Өкмөтү уруксат берип, Жогорку Кеӊеш ратификациялап, мыйзам бузуу менен келишим түзүлгөн. Ал компаниянын кызыкчылыгы менен Кытайдын Эксимбанкынан каргашалуу 386 миллион доллар кредит алынган. Аталган компаниянын жумушчулары Бишкектин суукка тонгон окуясына дыӊ дебейт, атайын шаарчада күн кечирип жатканы дагы ачыкка чыкты.   ТЭЦти талкалап кеткен ТВЕА өткөн жылы  “Датка — Кеминди” аяктаган, демек анын «былыктары» деле жакынкы аралыкта чыга баштаса керек.

Кыргызстанда салык төлөбөй келе жаткан  «Чайна Роуд энд Бридж», TBEA  жана башка Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан компаниялардын  бардыгын Эксимбанк каржылап, ал үчүн Кыргызстан колунда бар оокатын күрөөгө коюп салган. Бул Кыргызстанды «Кытайдын провинциясына айландыруунун» бир тарабы.

Эксимбанктын негизги талабы алар менен иш жүргүзгөн тараптын бири сөзсүз түрдө кытайлык компания болушу шарт, ошол себептен кыргыз Өкмөтү бекер алып жаткандай ушул банктын акчасына «илинип» калышат.

Сапар Исаков «оозу кургаганча»  мактап, «Акылдуу шаар» долбоорун курууга кол койгон  Huaweiдин тарыхы дагы таӊ калыштуу.   «Акылдуу шаарды» курууга ШОСтун алкагында Кытай Эл Республикасынан берилет деген жеӊилдетилген кредиттин таржымалы Beijing China Veterans Lingxin Capital Managemen деген кытайлык компанияга такалат. 51 миллион

доллар көтөрүүгө макул болгон бул инвестициялык фонд  Тажикстанда дагы ушундай жол менен «Акылдуу шаарын» куруп, анны Huawei ишке ашырып берген. Мамлекеттик деп аталган бул компания тууралуу эч бир ачык маалымат жок, болгону Кытай мамлекетинин коӊшуларды экономикалык жактан колдоого жасаган аракети катары сыпатталат. Иш жүзүндө «оозун ачкан» Орто Азиялыктардын коопсуздук маселесин бүтүндөй Кытай колго алууда.

Биз жогоруда кеп кылган «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясы Ысык-Көлдүн айланасындагы жолду куруп, жер жайнаган кытайлык жумушчулар менен чыр-чатак чыгып, жада калса «эшектин этин жеген» окуяга чейин катталып кеткен. Мунун бардыгы кыргыз чиновниктери тарабынан тынчыган. Себеби, алар мына ушул кытайлык компаниялар Кыргызстанга келгенден бери бирден жол тандабас минип, алардын аркасы менен күн көргөндү адатка айландырышкан.

тактап айтсак, мурдагы транспорт жана отун-өнөр жай министри Замирбек Айдаров “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясынын Лексус 570 автоунаасын минип алып сынга кабылып, кайра кайтарган. Айтылуу Дүйшөнбек Зилалиев дагы кытайлык компаниянын жол тандабасын минип жүрүп, чууга кабылып, кызматынан айрылды.  

Керек болсо, кытайлык компаниялар Өкмөттү кызматынан кетиргенге жарайт. Эске салсак, мурдагы Өкмөт башчылардын бири Темир Сариевдин кызматтан кетишинин себеби  

Балыкчи — Корумду жолун курган  «Лонг Хай» компаниясынын айланасындагы ызы-чуулар болгону белгилүү.  Мына ушундай жолдор менен кыргыз бийлиги  карызга иш бүтүп жатканына кубанып, кытайлыктардын болгон кылыгына чыдап, кыргыздын кызын алып жатса дагы «кыӊк» дебей карап турушат.

 Буга башкы прокуратура жардамчы болуп, 3 миӊ доллардан 5миӊ долларга чейин миӊдей кытайлык жарандарга жасалма уруксат кагазын бергендерге көз жуумп келатат. Ал эми өлкөдө  чет элдик жарандарга  14 миңден ашык квота берилсе анын 11 миңден ашыгы Кытай жарандарына берилиптир. Бул расмий маалымат гана болуп эсептелет.

     Кытайлар Ысык-Көлдүн жолун, Бишкек-Торугарт жолун гана эмес, Токмоктогу жана Кара-Балтадагы зводдорду дагы курган. Экөө теӊ эле учурда толук кандуу иштебей турат. Тоо-кен тармагы бүтүндөй кытайлыктардын колунда. Талдыбулак Сол Жээктин алтымыш пайыз акциясына  “Цзы цзинь” кытай компаниясы ээлик кылса,  Жалал-Абаддагы  Иштамберди алтын кенине  Full Gold Mining кытайлык компаниясы ээлик кылып, жергиликтүү элдин укугун каалаганча тебелеп келүүдө.

  Бул учурда кытайлык  «Синь Ицзян Бейсин»  («Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясына караштуу) компаниясынан «кытайлык жарандардын укугу бузулууда» деп миграция жана калкты иш меен камсыз кылуу министрлигине бат-баттан жергиликтүү элге карата арыздар түшүп турат.  

Булак: Каганат. 

Бөлүшүү:

Пикир

эки × үч =