Саясатчылардын жүзү жана сүрү… Кыргызстанда Зайнидин Курмановдой билимдүү саясатчылар аз…

 

  Каганат

Кыргызстанда «саясатчы» десе эле галстукту мойнуна илип алып, колуна микрофон тийип калса бакылдагандарды элестеп калдык. Анткени, мезгил ошондой. Акча баарын чечкен мезгилде саясатты түшүнгөнү дагы, түшүнбөгөнү дагы өздөрүн саястчы сезип, «саманы менен топону» аралашып калды. Карапайым калктын шору ушунда болууда…

Айрыкча Жогорку Кеӊеш «бозоканага»  айланып, бошогон орунга партиялык тизменин аркасында ким гана келген жери жок. Жогорку Кеӊештин кайсы бир кездерде баркы бар эле. Тагыраагы ага таасирдүү саясатчылар көрк кошуп турчу. Алардын бири Зайнидин Курманов.

Эл арасында «Жогорку Кеӊешке Айтибай Тагаев спикер болгон кезде баасы түшүп калган» деген кеп айтылат. Иш жүзүндө Айтибай Тагаевден кийин Зайнидин Курманов келгенде кадыресе абалына кайткан. Муну ошол кездин депутаттары жана башкалар дагы жакшы билишет. Анткени, Зайнидин Курманов айрымдарга окшоп «тоодон түшө» калып эле Жогорку Кеӊешке келген эмес. Өмүр баянын окуп отурсаӊ Кыргызстанда ушундай билимдүү адамдардын бардыгына сыймыктанбай койбойсуӊ. Окутуучу, илимпоз, профессор жана башка эмне деген даражалардын ээси. Конституциялык укук жана гендердик саясат боюнча эч кимди алдына салбайт. Эл аралык уюмдарда иштеп дасыккан адис.

Саясатка элден угуп алып эле келе бергендерден эмес. Айтылуу «Желтоксандан» бери кабары бар, керек болсо андай күрөштөргө жаштайынан аралашкан адам. Кийин демократия дегендин алгачкы желаргысын сезип, башында жүрүп, Кыргызстан Демократиялык кыймылынын мүчөсү болгон.

Айрыкча  тарыхчы катары Абдыкерим  Сыдыков, Жусуп  Абдрахманов,   Иманалы Айдарбеков сыяктуу кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандардын тарыхын изилдеп, аларды урпактарга тааныштырууда чоӊ эмгек өтөгөн.

 Саясатчы десе эле жогоруда айткандай Жогорку Кеӊеште микрофонду жулуп алып, анча-мынча бакылдагандарды элестеп калчу болду. Ал эми саясатчылардын арасында  Зайнидин Курманов сыяктуу мамлекет жана мамлекеттүүлүк, коопсуздук, мамлекеттин жана жарандын укугу ж. б. маселелерге чындап «тиши өтүп», талдоо жасагандар аз. Ага жетиш үчүн билим керек. Жок болгондон кийин «окубасам деле оюмду айтайын» деген «саясатчы чалыштар»  арбып кетти. Бул коомдун дагы чоӊ күнөөсү. Анткени, жетишпеген турмуштан, коктулук көз-караштан арылбагандан улам «жаман да болсо өз кулунубузга артыкчылык берели» деп отуруп, ушул абалга келдик.

Элдин эсинде болсо Өмүрбек Текебаав менен кошо айтылуу «матрешка-гейт» окуясында мына ушул Зайнидин Курмановдун атын дагы каралоо максаты коюлуп, акыры акыйкаттык жеӊип чыккан. Башка бирөө болсо кайра-кайра ошол окуяны тажаганча айтып жүрүп отурмак, биз билгенден    өзү деле ушуга көп кайрылбайт.

Зайнидин Курманов Жогорку Кеӊештин депутаты болуу менен катар КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын мүчөсү болуу менен катар тышкы саясатта бир топ эмгек өтөдү. Билими болбосо, буга тиши өтмөк беле? Саясатчылыгы менен кошо Кыргызстандагы Америка университетинде, юридика академиясында, Башкаруу Академиясында, КУУда, КРСУда студенттерди окутуп, илимий иштерди жазып, жаштарга билген тажрыйбасын бөлүштү.

Бул дагы анын саясатчы катары артыкчылыгы деп баса белгилөөгө арзыйт. А түгүл, Жогорку Кеӊештин төрагасы болуп туруп, жансакчылардан баш тартып, Жогорку Кеӊешке жөө эле келип-кетип, эл менен аралаш жашап жүрдү. Жебесе-ичпесе эмнеден коркот? Өз элинен сактана турган эч нерсеси жок болсо жансакчы менен жанын коргоп жанталашмак беле?

 Саясатчы катары эптеп эле элге акыл айтып жүрө бербей, Конституциялык жыйындардын мүчөсү болуп, Баш мыйзамдын эки жолку редакциясына баштан-аяк катышкан. Тарых жана саясый укуктар жаатындагы бир катар эл аралык конкурстардын катышуучусу жана жеӊүүчүсү болгон. Ушул мезгилге чейин докторлорду, илимдин кандидаттарын даярдап келатат. Илимий эмгектери АКШ, Турция, Швеция, Германия сыяктуу өлкөлөрдө ар дайым жарыяланып турат.

Изилдөөлөрдүн болгондо дагы саясый тарых, психология, саясат таануу, парламентаризм, конституциялык жана эл аралык укук, эл аралык мамиле сыяктуу тармактарында эмгектенип келе жатат. Канчалаган эл аралык уюмдардын жана коомдордун мүчөсү, алардын баарын санап отурсак, кагаз чак келчүдөй эмес. Зайнидин Курманов  мына ушундай саясатчы. Биз бекеринен аны бекерпоз «саясатчы чалыштарга»  салыштырган жокпуз. Ага деле айрымдары арданып калышпаса керек.

       Биз чакан макалабызда Зайнидин Курмановдун көп кырдуу жагынын бир тарабын дагы ачып берүүгө үлгүргөн жокпуз. Ага мүмкүнчүлүк дагы жок, бир жагынан аны таанып билүү татаал. Керек болсо жаш саясатчылар үчүн «Зайнидин Курмановдун мектебин»  түзүү мезгилдин талабы. Анткени, кыргыз саясаты жалаӊ сабатсыздарга толуп кетти. Муну менен алдыга жылуу эч мүмкүн эмес.

    Илимоз болсо эле саясатчылар алдыга жылбайт деген оюн таӊуулагандар дагы чыкпай койбосо керек. Келечек билимдүү жаштардыкы экенин танууга болбойт. Бир жагынан саясатчы катары Зайнидин Курманов жеп-ичкендерден айырмаланып, аркасы таза, ар кандай орунсуз окуяларга аралашпаган адам катары тарыхта калды. Муну биз баалабасак дагы келечек баалайт. Саясатчы катары жүзү менен сүрүн сактап, таза калган, өтө билимдүү, жөнөкөйлук менен билимдүүлүктүн бийик үлгүсүн көрсөткөн Зайнидин Курманов тууралуу кандай мактоо айтса жарашат. Анын өзгөчөлүгү дагы ушунда.    

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + он =