Анкарада Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды

Каганат.

 

Түркиянын Анкара шаарында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн «Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү Анкарада» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.  

  Көргөзмө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулду. Ага 400дөн ашык адам катышты.

Көргөзмөдө Момунбек Акматкулов, Ормон Идирисов баштаган кыргызстандык беш сүрөтчүнүн Айтматов темасындагы сүрөттөрү коюлган.

Иш-чаранын алкагында келгендерге «Саякбай» тасмасы көрсөтүлдү.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялаган. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата Түркиянын булуң-бурчунда ар түрдүү маданий иш-чаралар пландаштырылууда.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − 3 =