Эси оогон экономика: Кыргызстандын мамлекеттик карызы рекордун жаңыртты

0

Каганат.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы рекордун жаңыртты. 2017-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 миллиард 530 миллион (311 миллиард 846 миллион сом) АКШ долларын түздү.  Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Андагы маалыматка танясак мамлекеттик тышкы карыз – 4 миллиард 81 миллион (280 миллиард 905 миллион сом) долларды,  ал эми  мамлекеттик ички карыз – 449 миллион АКШ долларын же 30 миллиард 941 миллион сомду түзөт.

Өз кезегинде, бул бересенин 59 пайызын жеңилдетилген насыялар түзөт. Кыргызстан эң көп насыя алган өлкө бул –Кытай. Кытайдын экспорт-импорттук банкына биздин өлкө 1 млрд. 630 млн. доллар карыз.  Аталган банкка болгон карыз бир жыл ичинде 196,5 млн. долларга өскөн. Ал эми Азия өнүктүрүү банкына болгон карыз 22,6 млн.сомго жогорулаган.

Каржы министрлигинин маалыматты боюнча бир жыл ичинде Кыргызстандын сырткы карызы 205,4 млн. долларга өскөн.

 Бул ИДПнын 56,9 пайызын түзөт. Ал эми дүйнөлүк практикада тышкы карыздын 60 пайыздан ашып кеткени өлкөдө көйгөйлөр күчөп, мамлекеттин туруктуулугу алсыздап жатканын түшүндүрөт дешет экономисттер.

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 5 =