Ош базарында өрттөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүлөт

Каганат.

Ош базарында өрттөн жабыркаган жеке ишкерлер колдоосуз калбайт. Бул тууралуу  массалык маалымат каражаттарына Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди. Анын айтымында, базардын жетекчилиги соодагерлерге колдоо көрсөтүү ниетинде.

 Маалымдалгандай,  белгилүү бир мөөнөткө ижара акы же төмөндөтүлөт же такыр жоюлат.

 Ошондой эле  мэрия жабыркагандан насыя алган болсо, банктар менен кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү жөнүндө макулдашууну пландап жатат.

 Эске салсак, Ош базарында өрт 30-январда чыкты. Жыйынтыгында, 118 соода түйүнү күйүп кетти.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

20 − беш =