Бишкекте милиция кызматкерин атып кетишти

Каганат.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкекте белгисиз адам милиция кызматкерин тапанча менен атып кетти.  

Маалым болгондой, окуя 2-февраль күнү 23:45 чамасында Бишкектин Чыгыш-5 кичи району тарапта болгон. Анда белгисиз адам милиция кызматкерине тапанчадан ок чыгарып, качып кеткен.

Учурда  кылмышкер изделүүдө.

Ал эми октон жабыркаган милиция кызматкери ооруканага жаткырылды.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − бир =