Япон элинин биз билбеген кызыктуу салттары

Каганат.

Албетте ар бир өлкөнүн өзүнө таандык кызыктуу  каада-салты болот эмеспи. Кыргыз элинин салты башка мамлекеттерге кандай кызык болсо, ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн да каада-салты бизге кызыгууну жаратпай койбойт.  Андыктан бүгүн биз баардык жагынан жетишкен  өлкө Япония элинин  биз билбеген белгисиз жактарынан сөз кылабыз.

  
Япония-Түндүк-чыгыш Азия дагы аралчан бир өлкө. Ал Тынчтык мухитинде жайгашкан. Япония ички дүң продукция боюнча   дүйнөдө экинчи орунда. Ал эми экспорттун көлөмү боюнча төртүнчү,  импорттун көлөмү боюнча бешинчи орунда турат.  Япониялыктар жалкоо өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Алар түшкү тамактануусуз 24 саат иштеше алышат. Үч күн уктабай жүрүшсө дагы, жаңы идеяларды ойлоп, аларды ишке ашыра алышат.Төрт күн эс алууга чыгышса, алар үчүн бир жыл дем алып калгандай болуп, идеялары топтолуп калат. Жумуш иши бүтсө дагы, үйлөрүнө кетпестен иштеп жүрө беришет.

Япониянын эли, сыртынан кичинекей көрүнгөнү менен күчтүү жана жөндөмдүү келишет.Спирт ичимдиктерин ичкенди жактырышпайт. Ырдаганга жана сүрөт тартканга кызыгышат. Япониялыктардын тили татаал болгондуктан, алардын тилин үйрөнгөн адамдарды урматтап, сыйлашат. Башка өлкөнүн адамдары япончо саламдашып жатканын көрсө, япониянын эли үчүн чоң сыймык. Урушуп жатканда, жаман сөздөр менен урушушпайт, жөн гана үнүн жоон кылып эмоция менен билдиришет.

  Ошондой эле уурулукка барган адамды катуу жазалашат. Кимде-ким метрого кол чатырын же башка буюмдарын унутуп калган болсо, кайра барып алууга болот. Ак түстөгү адамдарды, Япониянын кыздары иштеген ишканаларга киргизишпейт.  Эгерде ал жакта Кытайдын же Филиппин өлкөсүнүн кыздары иштешсе, анда унчукпай киргизе беришет.
Үйгө болобу, ооруканагабы же ресторандаргабы, айтор  кайсыл жерге барышпасын бут кийимин чечип киришет. Ошондуктан алар дайыма жанына байпак сала жүрүшөт.Бут кийимди чечкенден кийин кайра кеткенге даярдап, көчө жакты каратып эшиктин оозуна коюш керек. Эгерде муну кылышпаса уят деп эсептелинет.

  Япон эли шамдагай келгендиктен, алар бут кийим чечкен жана кийген жагынан алдына эч кимди чыгарбайт. Өз өлкөсүнөн башка жакка чыккандан коркушат. Конокту үйлөрүнө чакырбайт, болгону “Биз жакка бир күнү келип кетиңиз” – деп гана жылмайып айтып коюшат.

 Япониянын жаштары башка өлкөлөргө жашаганды жакшы көрүшүп, азыркы убакта башка чет мамлекеттерге кетип жатышат. Аялдарынын көбү хоккей жана футболдун фанаттары десек болот. Алар көбүнчө балдары чачын өстүрүп, боёп жүрүшөт. Дагы бир айта кетчү нерсе акча каражаттарын себепсиз чача бермейлери да бар.  Японияда  “Рахмат”- дегендин ордуна жөн гана баш ийкеп коюшат.Элинин көптүгүнөн, жеринин аздыгынан, үйлөрдүн көпчүлүгү суук, жашаганга ыңгайсыз.

Мындан сырткары  япон эли уялчаак жана көралбас  келишет.  
Кыздарынын жини келгенде 80 пайызы чачтарын жулганча күлүшөт.
Акчаны аялдары кармашат. Ал эми “Жаңы жыл” күнү Япониялыктар бардык үй-бүлөсү менен чогулуп, үч күн кечке  сыналгы көрүп отурат. Ошондой эле алар ишенчээк да келишет.

 Баарынан да кызыгы  “Мен сени сүйөм” деген сөздү ар кандай күтүлбөгөн окуялар менен билдиришет.
Японияда жазуунун үч түрү бар. Биринчиси Хираган, экинчиси Катакана, үчүнчүсү Кандзи.
Машинаны 120 км ылдамдыкта айдашса да айып төлөшпөйт. Анткени алардын мыйзамында буга уруксат берилген. Япониянын сыналгыларында көбүнчө тамак аштарды көрсөтөт. Анткени алар аябай тамак ашка жакын келген калк болот.
Суу тартыш болгондуктан бир адам жуунган сууга, үй-бүлөсүнүн баардыгы жуунуп чыгышат. Баары бүткөндөн кийин кайра ал сууга кир жуушат.

Япония тууралуу кызыктуу фактыларга токтолсок

Аталган мамлекетте жолдор тайгалак болбойт. Анткени жолдор жана тротуарларда жылытуу системасы орнотулуп, кар дароо ээрийт. Баса, Японияда гастербайтер мигранттар да жок. Жергиликтүү мыйзамга ылайык, чет элдиктердин минималдык маянасы, жергиликтүү тургундардын орточо айлыгынан да жогору. Андыктан, жумуш берүүчүлөргө мигранттарды алуу пайдасыз. Японияда метродо кыз-келиндер үчүн атайын вагондор бар. Бул жерде кол коюлбайт, анын ордуна ар бир япондо өзүнө гана таандык мөөрү бар. Колготки кийгенге бул өлкөдө тыюу салынган, атайын гольфалар гана. Кыздардын юбкалары болсо, жыл сайын кыскарып турушу зарыл.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 4 =