100 миң евро жана 138 миң 600 доллар пара берген чет өлкөлүктөр кармалды

Каганат.

Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, 100 миң евро жана 138 миң 600 доллар пара берген чет өлкөлүктөр кармалды.

Маалым болгондой, чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына келип жасалма документтерди жасап тамеки каражаттарын ташып жүрүшкөн.

Башкы прокуратура бул боюнча “бажы төлөмдөрдүн төлөөдөн качуу”, “кызматтык абалына кыянаттык жасоого түрткү берүү”, “пара берүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалгандар УКМКнын абагына камалды.

Учурда  тергөө иштери журүүдө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − он үч =