Митинг: Абактагы саясатчылардын жакындары акыйкат издейт (фото)

0

Каганат.

Бүгүн, 5 –февралда  Бишкектеги №47-колониянын алдында камакта ачкачылык жарыялаган оппозиционерлердин жакындары митингге чыгышты.

   Митингге   чыккандар соттолгон Бектур Асанов, Эрнист Карыбеков жана Өмурбек Текебаевдин укугун коргоп чыгышты.

«Бектур Асанов бир жумадан бери ачкачылык кармап олтурат. Биз алардын абалы кандай экенин билбейбиз. Бизге жолуктурбай жатышат. Бир ай мурда өтүнөн операция болгон. Анда да жолуктурушкан эмес. Биздин укуктарыбызды тепсеп жатышат» — дейт Бектур Асановдун жубайы.

Ачкачылык кармагандар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылууда.

Ал эми «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары аны ооруканага дарыланууга бошотууну суранышат.

Белгилей кетсек, 30-январда жогоруда аты аталган жарандар ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар №47-колонияга которулган.

2016-жылы май айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров «бийликти басып алууну пландашкан» деген айып менен камакка алынышкан.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч + 10 =