Каганат.

Жаз айынын алгачкы жумасы болчу. Биздин кесиптик лицейдин студент арасындагы президенти Дастан  менин көңүлүмдөгү жалындуу жигиттин жакшы санаалаш досу. Анткени, Дастан менен Бексултан кичинесинен тарта чогуу ойноп чоңойушуп, биринин сырын били жакшы билишчү. Дастан  менден бир топ жаш улуу болсо дагы бул айырма мага көп деле сезилчү эмес. Анткени сүйүү жашка карабайт эмеспи. Ушундай күндөрдүн биринде өз сүйүүмдү таптым десем болот. Бирок, убактылуу гана дейт биздин бүгүнкү каарманыбыз.

Жаралуу сезим

Дастан экөөбүз лицейде болуп өткөн пресс-конференцияда таанышып жакын достордон болуп калганбыз. Ал өзүнүн досу менен болуп өткөн кызыктуу күндөрүнөн айтып берчү. Мен дагы ага арбалып, негедир көбүрөөк уккум келчү. Бир күнү Дастанга жан дүйнөмө тынчтык бербей жаткан сезимдерди тең бөлүшүп, болгонун-болгондой төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал мени дароо эле түшүндү. Шейшемби күнү мугалимдердн бөлмөсүнөн бирөөлөрдүн шашылып чыккандарын көрүп калдым. Эч нерседен кабарсыз окуу бөлүмгө жакындап калганымда « Назира» деп кыйкырып калышты. Артка кылчайып карасам, Дастан менен Бексултан экөө мен тарапка шашыла келе жатышыптыр.

Алар 23-февраль күнүнгө карата өткөрүлүүчү концерттик программаны чогу даярдоону өтүндү. Мен эч ойлонбостон, макулдугумду айттым. Менин Дастандан болгон бир гана өтүнүчүм, Бексултан менен таанышуу эле. Көптөн күткөн тилегим орундалып, алгачкы ирет Бексултан экөөбүз концерт бүткөндө чогу чыгып, үйгө карай бет алдык. Жолдо карай ал мага жүрөгүнүн түпкүрүндөгү сезимин айтчудай болуп, улам-улам жүзүмө тике карап жатты. Ансайын эмнегедир чыдамым кетип, өз сөзүмдүн баш аягын билбей калып жаттым. Лицейден бир топ топ узаган соң, Бексултан мага кылчайып:

-Назира токтой турсаң! Менин сизге көптөн бери айта албай жүргөн сөзүм бар эле-деди.

Мен дагы:

-Менин дагы сизге айта турган сөзүм бар-деп жооп кайтардым.

Бексултандын кабагы бүркөлө түштү.

Ал мага карап:

-Билесиңби, Назира, сен бул дүйнөдө бактылуу болушуң керек, жашоодо эч кыйынчылык көрбөшүң керек. Айтор, сен бактылуу болууга татыктуусуң…-деп сөзүнүн акырына чыкпай токтоп калды.

Бексултан бул сөздөрдү айтып жатканда жүрөгүм зыркырап жамандыкты сезгендей денем дүркүрөп кетти. Ал турсун көзүмөн жашым тамчылап, ар бир тамган тамчы эмне себеп менен мунун баарын айтты экен деп жер бетине аяр түшүп турду. Экөөбүздүн таанышканыбызга саналуу гана саатар болсо дагы, Бексултандын жанында өзүмдү бактылуу сезип, жашоомдогу максатыма жеткендей туюлуп, эки саатык убакыт эки жылдай элес калтырды.

Бексултан мага карап:

-Ой, сен эмне ыйлап жатасың? Мен сени капа кылып койдум окшойт, кечирип койчу!

-Жок, мен ыйлаган жокмун. Сиздин ар бир сүйлөгөн сөзүңүзгө маани берип, бир аз ойго батып кетиптирмин. Аңгыча үйгө да жетип калдык. Бексултан мени менен коштошконго шашты. «Мынакей сиздин үйүңүңүзгө дагы жетип калдык өңдөнөт, жолукканга чейин саламатта болуңуз!»-деп колумду кармады. Бирок, мен Бексултанды жаныман эч кетиргим келбеди. Убакытты созуп, улам болоор-болбос ар кайсы суроолорду узатып, бир топко кармадым. Бул учурда анын сүйкүмдүү жүзү менин ашыктыгымды арттырып, жүрөгүмдөгү жылуу жалынды алоолонтуп күйгүзүп турду.

Акыры коштошууга туура келди. Ал үйдөн узап кеткенче артынан көпкө узата карап турдум. Түнү таң атканча уктай албай, чөнтөк телефонума сактап алган Бексултандын сүрөтүн тиктеп, таң аттырдым. Эртеси күнү лицейдин босогосун аттаарым менен жүрөгмдүн ээсин издедим.  Эмнегедир көрүнбөгөндүктөн, Дастандан сурасам, Бексултандын бир аптага суранып кеткенин айтты. Жүрөгүм эмнегедир «зырп» дей түштү. Аны күтүү менен өткөргөн ошол күндөрү өзүмдү эптеп алаксытып, көңүлүмдөгү боштук менен жашап, таң атканча терең ойго чөмүлүп, кээбирде өзүмдү күнөөлүдөй сезип, эмне себептен ал күнү өз сүйүүмдү билдирбедим экен деп, өзүмдү жемелөө менен өткөрдүм.

Жолугушуу

Дүйшөмбү күнү таң эрте сабакка шашыла чуркап окуу жайга жеткенче көз алдыма Бексултандын жагымдуу жүзүн элестете кубануу менен барат жаттым. Лицейдин кире беришинде менин сүйүктүү адамым колуна бир кучак гүл кармап турган экен.Ал мени күтүп турганын билип,кубанычым койнума сыйбай кетти. Бексултанды дароо бекем кыса кучактадым. Ал дагы мени кучактап:

-Бул гүлдөрдү бир гана сен үчүн алыскы тоолордон үзүп келдим. Бир апта бою көңүлүмдө сен гана орун алып, сен деп гана жашадым деди. Бул сөздөрдү укканда жашоомдо үмүттүн шооласы жанып, сезимдердин кучагына бөлөндүм. Эмне деп айтышты дагы билбей «мен дагы» дегенден башка сөз оюма келбеди.

 Ар бир адам өз бактысына эмне жазса, ошону көрөт турбайбы.Менин бактым көрсө, таптакыр башка адамга байланганын ошол кезде кайдан билиптирмин. Бексултан экөөбүздүн махабатыбыз болгону үч айга гана созулду. Бул айлар аралыгында дүйнөдө менден башка бактылуу адам жоктой сезилчү. Ушундай күндөрдүн биринде сабактан чыккан соң, алыскы туугандарыбыздын бирөө телефон чалып, алардыкына келип кетишимди суранды. Эч нерседен кабарым жок эле жетип барсам, үйдөгү эжем колума бир баштыкты карматты да, тууган жеңелерибиздин үйүнө жөнөттү.

Ал жеңем менен аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, сүрөттөрүн көрүп отуруп калдык. Бир убакта көзүмө тааныш баягы мен сүйгөн Бексултандын бир кыз менен бактылуу болуп түшкөн сүрөтүн көрүп, көргөн көзүмө ишене албай нес болуп туруп калдым. Менин абалымды байкай калган жеңем: «Сага эмне болду, өңүң башкача болуп кетти го?»-деп сурады. Көрсө, ал кыз жеңемдин бир тууган сиңдиси экен. Бексултан менен жакында тойу болоорун айтты. Мына ушундай окурман. Ошо күндөн баштап жашоом таптакыр башка нукка өзгөрдү. Балдарды көрсөм,  эле жек көрө турган болдум. Эмнеге экенин өзүм дагы жообун таппай издей берем.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 16 =