Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан курамасы Иорданияны  жеңди

0

Каганат.

Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан курамасы Иорданияны  жеңди. Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө эле биздин оюнчулар 2 гол менен алдыга озуп чыкты.  Ал эми экинчи таймда атаандаштар бир жооптуу топ киргизе алды.

Оюн эсеби 3:1 кыргызстандыктардын пайдасына. Футзал боюнча континенталдык биринчилик 11-февралга чейин уланат.

Кыргызстан командасы чүчү кулактын негизинде «D» тобуна туш келип, эми Тайланд курамасы менен беттешет.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

1 × беш =